Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:58

17:40 Жалал-Абад облусунда участкалык шайлоокомдор түзүлүп бүттү


Облуста ачылган 407 шайлоокомго жарандык жыйындар 4067 өкүлүн, саясий партиялар 281 мүчөсүн көрсөткөн. Участкалык комиссияларга эң көп мүчө “Ак жол” партиясынан 225 адам кирген. “Ата Мекен” партиясынын 4 өкүлү Жалал-Абад шаарындагы, Социал-демократиянын 8 мүчөсү Тогуз-Торо жана Базар-Коргон райондорундагы шайлооком курамына кошулган. “Асаба”, “Ар-намыс” өңдүү оппозициялык партиялар мүчөлөрүн сунуш кылган эмес. Сынчыл адамдар бийлик партиясынан шайлоокомдорго көп адам кирүүсүн жергиликтүү бийликти да колуна алууга жасаган аракет катары баалоодо. Оппозициялык уюмдар шайлоого өздөрүнүн кызыкпагандыгын анын бир жактуу жана ишенимсиз болоору менен байланыштырды. (YA)

XS
SM
MD
LG