Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:39

И.ӨМҮРКУЛОВ: ӨКМӨТ КАМБАР-АТАНЫ КОЁ ТУРСА ЭЛГЕ ЖЕҢИЛДИК БОЛМОК


“Акыйкат үчүн” кыймылы менен жаңыдан биригип жаткан оппозициялык маанайдагы Социал-демократтар партиясынын парламенттеги фракциясы бүгүн кыргыз өкмөт башчысы Игорь Чудинов менен жолугушуп, социалдык-экономикалык кырдаалды талкуулашты. Парламент сессиясынын ачылышында премьер-министр бул маселени баардык фракциялар менен талкуулоо сунушун берген болчу. Жолугушуу башталаар алдында Социал-демократтар фракциясынын төрага орунбасары, ЖКнын комитет төрагасы Иса Өмүркулов “Азаттыктын” таңкы түз ободогу суроолоруна жооп берди.

- Социал-демократтар фракциясынын социалдык-экономикалык багытта эң эле биринчи кезекте тынчын алып турган маселелер кайсылар?

Албетте биринчи орунда - бул кышка даярдык боюнча өкмөттүн жасаган иш-аракеттери. Мына бүгүнкү күндө көрүп атасыздар, электр жарыгы өчүрүлүп атат, үч фазалык электр ток бүт республика боюнча өчүрүлдү. Мындан тышкары окуу жайлар, бала бакчалар, жогорку окуу жайлар, андан тышкары кичи, орто ишкана, бүт бизнесмендердин бардыгынын бүгүнкү күнү абалы өтө оор учур болуп турат. Ошол маселелер.

Андан тышкары көмүр менен камсыз болушу, алыскы райондогу турган жарандарга бүгүнкү күндө канчалык деңгээлде мамлекет шарт түзүп бергени жөнүндө сурайлы деп атабыз. Андан тышкары “Камеко” алтын кенинин тегерегиндеги түшүнүксүз оюндар боюнча дагы сурагыбыз келип атат. Былтыр эле “Камеко” беребиз деген 32 млн. ашык акция ушуга чейин эмне үчүн алына элек? эмне үчүн ушул боюнча келишим ратификацияга сунуштала элек?

Эмне үчүн айрым “Ак жолдун” депутаттары бүгүнкү күндө национализация (мамлекетке алуу) боюнча маселе көтөрүп атышат. Ушунун баардыгы тең түшүнүксүз болуп атат. Мындан тышкары мугалимдерге педагогикалык стаж боюнча төлөмдөрү бир аз төлөп берилди 350 млн. солмго жакыны, андан калгандары эмне болот?

- Бүгүнкү жолугушууда бир топ орчундуу маселелер көтөрүлөт экен сиздин айтканынызга караганда. Эми канчалык деңгээлде жолугушуудан тыянак чыгат, өкмөт эске алабы, илүү кылабы деген суроо туулат.

Эгерде эске ала турган болушса жайы менен ушул маселенин баарын чечип, күзгө, кышка даярдыктын деңгээли бир топ илгерирек болмок. Тилекке каршы алсыздыгын көрсөтүп, бүгүнкү күндө жасаган аракеттеринин баары тең орунсуз, же болбосо клансыз, ушундай кырдаал болуп атат. Ошого байланыштуу бүгүн өкмөттүн өз оозунан угалы деген ниет болуп атат.

- Сиздерде үмүт бар чыгар жолугушууга бараткандан кийин. Өкмөт дагы кандайдыр бир сүйлөшүүлөр аркылуу бирдиктүү тыянак чыгарсак деген демилге менен жолугушуп аткандыр?

Албетте, мисалы, бүгүнкү күндө Бишкек ТЭЦинде электр кателдордун баары тең иштебегенин себеби эмнеде? Булар каражат жок деп атышат. Бүгүнкү күндө, мисалы, быйыл электр ток боюнча ушундай проблема болоорун баары жакшы билишкен. Эмне үчүн алдын ала ойлошкон эмес.

Мисалы бүгүн миллиард сомдон ашык Камбаратаны курабыз деген каражатты токтото туруп, ТЭЦтин кателдорун жайы менен оңдотсо, кышында эч проблема жок болот эле. Элдин баарын камсыз кылып туруп эмки жылдан баштап каржыласа, канча жыл турган Камбар-Ата азыр деле ток берип жибербейт. Ошондуктан ушундай чараларды көрсө өкмөт менимче жалпы журтка чоң эле жеңилдик болот эле.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG