Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:36

14:30 Игорь Чудинов: Токтогул суу сактагычындагы суу ашыкча экспорттоонун натыйжасында азайып кеткен


Өкмөт башчынын “Ак Жол” фракциясынын мүчөлөрү менен болгон жолугушууда айтканы боюнча 2004-жылы Орусияга электр энергиясын экспорттоо үчүн 3 млрд кубометр суу агызылган. “Бул биздин катачылыгыбыз болгон. Эч кандай учурда 2 млрд кубометрден ашык суу экспорттобоо зарылдыгын өкмөт жүргүзгөн иликтөөлөр көрсөтүп отурат,” дейт премьер-министр Игор Чудинов. Анын маалыматы боюнча учурда жүргүзүлүп жаткан электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү 15-октябрга чейин жүргүзүлөт. Бул Токтогулдагы суунун көлөмүн көтөрүү аргасында жасалып жаткандыгын кошумчалаган өкмөт башчы 1-октябрга карата суу сактагычтагы суунун деңгээли 9,8 млрд кубометрге жетүүгө тийиштигин белгиледи.(ZKo)

XS
SM
MD
LG