Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

17:35 Жалал-Абаддык журналисттер эркин гезиттердин тагдырларына тынчсызданууда


«Ачык саясат» гезитинин баш редактору Бабырбек Жээнбековдун камакка алынышы басма сөз менен журналисттин эркиндигине жасалган кысым көрсөтүү. Сот салган айып пулду бөлүп-бөлүп төлөөгө үчүн анын убадасы эске албаганы таң калыштуу. Бийлик соттор жана тартип сакчыларынын колу менен көз каранды эмес басылмалар, эркин ой жүгүрткөн адамдардын оозун жабууга аракет жасоодо. Гезиттерди жабуу, миллион сомдон айып пулдарды салып, каржылык жактан тукулжуратуу - өлкөнүн демократиялык багытына доо кетирет. “Де-факто”, “Алиби”, эми «Ачык саясат» гезити, «Сентябрь» телеканалынын айланасындагы окуялар жарандардын ачык маалымат алуу укугун чектөөдө”, - деп көз карандысыз журналисттер билдиришти. Мамлекеттик басылмалардын өкүлдөрү журналисттер эл аралык талаптарды жакшы өздөштүрүп, окуяларды таасын изилдөө жагын жана сот чечимин жактай тургандыгын айтышты. (YA)

XS
SM
MD
LG