Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:56

17:40 Жалал-Абадда «Баарына-укук» басылмасына байланыштуу сот жараяны соңуна чыкты


Соттун жүрүшүндө тараптар тынчтык келишимине кол коюшту. Ага ылайык «Баарына-укук» басылмасы «Түштүккыргызцемент» ишканасынын төрагасы Ян Фишерден алынган интервьюну жарыялай турган болду. Ишкана басылмага койгон доосунан баш тартууну чечти. Басылма эл арасында жүргөн ой-пикирге таянуу менен июнь айында «Жумуш канча турат, же түтүнсүз от болбойбу» деген макала чыгарган. Ага нааразы болгон Ян Фишер макала «адамдык жана ишкердик беделиме шек келтирди» деп эсептеп автор менен баш редакторду Жалал-Абат шаардык сотуна берген. Аларды кылмыш жообуна тартып, миллион сом өндүрүү жана басылманы жабуу менен кечирим суроосун талап кылган. Баш редактор Абдымомун Мамараимов доо арызды жарандык жана кылмыш кодексине ылайык кароого негиздер жок экендигин далилдеп берди. (YA)

XS
SM
MD
LG