ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы башчысы Тимати Шаффтер Лейлек жана Баткен райондорундагы ЮНИСЕФтин колдоосунда иштеп жаткан 20дан ашуун жамааттык балдар бакчалары жана мектепке чейинки класстардын иши менен таанышып жүрөт. Ошондой эле БУУнун Кыргызстандагы Балдар Корунун туруктуу өкүлү облуста жүргүзүлүп келген жамааттык деңгээлдеги билим берүү жана кенже курактагы балдарды өнүктүрүү долбоорлорунун иши менен да жеринде таанышмакчы. Бул тууралуу «Азаттыкка» 10-сентябрда ЮНИСЕФтин мектепке чейинки балдарга билим берүү долбоорунун Баткендеги координатору Чынара Ахмедова кабарлады. (SA)
18:05 БУУнун Балдар Корунун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Тимати Шаффтер Баткен облусун кыдырууда