Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:34

АКШ КОНГРЕССИНДЕ ГРУЗИЯ МАСЕЛЕСИ ТАЛКУУЛАНДЫ


Орусиянын Грузиядагы агрессиясына жооп кылып Вашингтон кандай чараларды көргөнү жатат? АКШ сенатынын аскерий иштер боюнча комитетинде өткөн талкууларда администрациянын ырасмий өкүлдөрү ушул маселенин тегерегинде бир катар суроолорго жооп беришти.

Коргоо министринин орунбасары Эрик Эделман ушул жумада Пентагон Тбилисиге атайын делегация жөнөтүп жатканын маалымдады. “Миссия бизге Грузиянын тыкыр муктаждыктарын кылдат талдап-таразалап чыкканга көмөктөшөт, ошондон соң грузин экономикасын, инфраструктурасын жана куралдуу күчтөрүн кайра тикелөөгө Кошмо Штаттары кандай жардам көрсөтө аларын талкуулап көрөбүз”,-деп айтты Эделман.

Эделман “бардык башка суверендүү өлкөлөрдөй эле Грузия өзүн коргоо жана агрессордун жаңы аракеттерин ооздуктоо мүмкүндүгүнө ээ болушу керектигин” белгиледи. Пентагон бул жагынан Тбилисиге көмөктөшкөнгө даяр.

Комитеттин айрым мүчөлөрү Кавказдагы уруш кантип тутанганына, аны алдын-алууга Ак үйдүн чиновниктери аракет кылган-кылбаганына кызыгышты. Эделман ырастагандай, АКШ грузин жетекчилерин такай сабырдуу болууга жана “катып калган” жаңжалдарды тынч жолдор менен чечкенге чакырып, Орусия кырдаалды курчутканга кынтык таппай араң турганын эскертип келген.

Ошону менен бирге Эделман грузин жетекчилигинин жаңжалдуу аймакта куралдуу күч колдонгону “акылдуу иш болбогонун”, анын үстүнө Түштүк Осетияда Тбилисинин амирин орнотууну көздөгөн бул операция “шашылыш пландалып, капыл-тапыл ишке ашырылганын” да моюнга алды. Цхинвалиге жана орус аскерлери турган позицияларга артиллериядан жабылта ок атылганын ал “өкүнтө турган” кадам катары сыпаттады. “Мындай аракетти биз колдобойбуз!”-деп айтты Эделман.

Эделмандын көп сөздөрүн мамлекеттик катчынын орунбасары Дэниел Фрид да кайталады. Бирок ал Москваны Вашингтон кантип жазалаганы жатканын такыктаган суроолорго кең-кесири жооп бергенден баш тартып, болгону күн тартибинде көп эле чаралар бар экенин бышыктады. Фриддин айтымында, АКШнын стратегиялык жооптору узак мезгилдүү болууга тийиш. 1991-жылдан бери Вашингтон Россиянын дүйнөлүк жамаатка кошулушун, демократияны жана адам укуктарын өнүктүрүшүн колдоо багытында саясат жүргүзүп келатат.

Бу жагынан Орусия бир топ ынтаасын көрсөттү жана ийгиликтерге да жетишти. Бирок анын Грузияга басып киргени ошол кадамдардын баарын коркунучка салды. Фрид АКШ Россия менен жаман мамиледе болууну көздөбөй турганын, буга карабастан орус жетекчилиги азыркы багытын өзгөртмөйүнчө алдыдагы алакалар кыйын болорун жашырбады.

The New York Times гезитинде басылган маегинде Пентагондун башчысы Роберт Гейтс “Грузиянын территориялык бүтүндүгүн колдоо Вашингтон үчүн маанилүү” экенин тастыктады. Гейтс Москвага жооп кайтаруу жагын ойлонуп көргөнгө убакыт бар, бул иште шашылыш кадамдарды жасоо стратегиялык терс натыйжаларга алып келет деп эсептейт.

Сенаттагы талкууларда болсо айрым сенаторлор менен конгрессмендер Саакашвили “өтө калтыс жана калпыс каталык” кетиргенин айтышып, Буштун администрациясын өтө эле антироссиялык позицияга өтүп алганы үчүн сындашты. “Орусиядагы досторубуз биз үчүн Грузиядагы достордон кем мааниге ээ эмес, бул маселеде туура теңдем табуу керек”,- деп билдирди, атап айтканда, демократ-конгрессмен Шейла Жексон Ли.

XS
SM
MD
LG