Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Европалык байкоочулар Абхазия жана Түштүк Осетияга бара алышпайт


Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.
«Эл аралык байкоочулар Түштүк Осетия менен Абхазиянын айланасына жайгаштырылат, бирок жумурияттардын ичине кире алышпайт», -деди Лавров.
Тынчтык планына ылайык, Орусия грузин аймагындагы аскерлерин чыгарып кетүүгө тийиш. Бирок Москва эки сепаратисттик жумурияттагы контингенттерин сактап калуу шартын койгон.
Еврошаркеттин өкүлү Хавьер Солана эл аралык байкоочулар сөз болгон аймактарга да жайгаштырылат деген үмүтүн билдирди.

XS
SM
MD
LG