Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:46

7:05 Авиакырсыктан курман болгон кыргыз жарандарынын сөөктөрү бүгүн туугандарына берилет


Алардын кимдиги толук таанылып бүткөнүн саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Кечээ ирандык 41 жарандын сөөгү мекенине жиберилген. 24-августтун кечинде Бишкек-Тегеран багыты боюнча сапар алган “Боинг-737” учагы “Манас” аба майданынан көтөрүлгөндөн көп өтпөй, Жаңы-Жер айылына жакын жерде күйүп кеткен эле. Бул кырсыктан учактагы 90 адамдын 65и курман болгон. Курман болгондордун көпчүлүгүнүн сөөгүн таануу кыйын болгондуктан, генетикалык аныктоо үчүн алардын ДНКларынын үлгүлөрү 29-августта Тегерандагы лабороторияга жеткирилген. Кырсыктаган учакта Ирандын, Кыргызстандын, Канаданын, Казакстандын жана Кытайдын жарандары бар эле.(SM)

XS
SM
MD
LG