Бул тууралуу Канаданын өкмөт башчысы Стефан Харпер билдирип, канадалыктар аскердик өнөктүк 10 жылдан ашуун убакытка созулушун каалабай турганын кошумчалады. “Ооганстандын өкмөтү өлкөнүн коопсуздугу үчүн жоопкерчиликти алышы керек”, - деди Харпер мырза. Март айында Канаданын парламенти Ооганстандагы аскердик миссияны эки жылга – 2011-жылга чейин узартуу чечимин кабыл алган болчу. Ушул тапта Ооганстанда канадалык 2 жарым миң жоокер кызмат өтөйт. 2002-жылдан бери Ооганстандагы согуштук аракеттерден болжол менен жүзгө жакын канадалык жоокер набыт болгон.