Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:58

10:30 Б. Жээнбековдун жакындары аны бошотуу талабы менен пикетке чыгышты


Айылда жашаган 129 үй бүлө турак-жай куруу үчүн жерге муктаж. Алардын он өкүлү кечээ жана бүгүн облустук жана Жалал-Абат шаар бийлигинен мыйзамдуу түрдө сегиз гектардан ашык жерди өткөрүп берүүнү талап кылышты. Былтыртан бери талабы аткарылбаганда алар президентке жерди бөлүштүрүүдө корруцияга аралашкан деп эсептешкен мамлекеттик үч жетекчини кызматтан кетирүүнү өтүнүшкөн. Өз укуктарын коргоо үчүн түрдүү акцияларды жасоого камдуу экендигин билдиришкен. Жалал-Абаддагы эски канаттуулар фабрикасынын аймагынан аталган өлчөмдөгү жерди берүү жагы өкмөттүн 2007-жылкы токтомунда көрсөтүлгөн. 40 гектардай жерди башка район-шаарлардын үй жайсыз тургундары 2005-жылы басып алышып, курулуштарды тургузган. Айылдыктарды губернатор Кошбай Масиров кабыл алды. (YA)

XS
SM
MD
LG