Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:41

12:00 Акыйкатчы Жогорку Кеңешке адам укуктарынын абалы боюнча отчет берүүдө


Турсунбек Акун депутаттарга Акыйкатчы институтунун акыркы жарым жылдык иши тууралуу отчет берүүдө. Акыйкатчынын айтуусунда адам укугун жакшыртуу максатында бейөкмөт уюмдар менен бирге бир катар иштер жасалган.
Турсунбек Акун чет өлкөлөргө жасалган иш сапарларга жумшалган каражаттар тууралуу да маалымат берип, негизинен тажрыйба, пикир алмашуу максатында чет жактарга болуучу иш сапарлар чакырган жак тарабынан каржыланат.
Депутаттар Акыйкатчынын ишине анча алымсынбагандыктарын билдиришти. “Ак Жол” фракциясынын мүчөсү Ибрагим Жунусов Турсунбек Акунду №16 абактагы баш-аламандыктан кийин түрмөнүн, анда камалып жаткандардын абалы менен таанышуу, баш-аламандыктын келип чыгуу себебин иликтөө боюнча жаза өтөөчү жайга эмне үчүн барбагандыгын сурады. Буга Акыйкатчы колу бошобой калгандыгын айтып, жооп берди.(ZKo)

XS
SM
MD
LG