Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:31

11:55 Бишкекте “телекоммуникациялык жана маалымат технологиялары” деген эл аралык конференция башталды


Эки күндүк жыйын И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинде башталды. Ага транспорт жана коммуникация министри Нурлан Сулайманов, билим берүү министри Ишенгүл Болжурова, Орусиянын бир канча жогорку окуу жайларынын ректор, окутуучулары, Германиядагы техникалык университеттин өкүлдөрү катышууда. Жыйындын катышуучулары телекоммуникация жана маалымат технологиялардын абалы менен өнүгүшүн талкуулашат. Мындан тышкары иш-чара учурунда Кыргызстан менен Орусиянын техникалык ЖОЖдору ортосунда кызматташуу боюнча келишим түзүлөт. 12-сентябрда жыйындын катышуучулары “Электрондук өкмөт- бүгүнкү күндүн талабы” деген аталышта тегерек стол үстүндө талкуу өткөрүшөт. (AiJu)

XS
SM
MD
LG