Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:07

13:15 “Бирдиктүү Кыргызстан”: АКШ аскерий базасы Кыргызстанга бейпилдик алып келе алган жок


“Бирдиктүү Кыргызстан” коомдук кыймылы бүгүн АКШнын аскерий аба базасына байланыштуу билдирүү таратты. Билдирүүдө “АКШ баштаган коалициялык күчтөрдүн Кыргызстанда жайгашып, иш-аракетин жүргүзүп баштаганына жети жылдын жүзү болду, бирок аба базасы Кыргызстандын коопсуздугу бекемделбей эле, тескерисинче Америкадан мыйзамсыз түрдө курал-жарактардын апкелиниши менен ансайын кооптуу болуп калды,” деп айтылган. Мындан тышкары аскерий аба базасы тарабынан абадан төгүлгөн күйүүчү майлар өлкөнүн экологиясына терс таасирин тийгизип, адамдардын ден соолугуна коркунуч туудуруп, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүнүн азайышына алып келгендиги белгиленген. Ал эми аскерий аба базасынын жайгашканы үчүн төлөнүп жаткан ижара акысы Кыргызстандын экономикасын оңдоого эч кандай салым кошо алган жок, деп белгилешкен билдирүү жакында эле АКШ аба соккусунан коргонуу системасын Польшага жайгаштыруу үчүн поляк өкмөтүнө 25 млрд доллар төлөгөндүгүн мисал келтиришкен. Билдирүүнүн аягында акыркы убакта дүйнө жүзүндө Балкан, Ирак, Кавказ жана Ооганстан сыяктуу от алган аймактар көбөйүп жатканы айтылып, НАТОнун Борбор Азияга карай жайылышы –коопсуздуктун жаңы коркунучтарын жаратары билдирилген. “Бирдиктүү Кыргызстан” кыймылы кыргыз өкмөтү менен Жогорку Кеңеш АКШ аскерий аба базасынын өлкө үчүн мааниси тууралуу маселени кайра карап чыгуусу жана анын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнүн мөөнөтүн аныктоосу зарыл, деп белгилешет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG