Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:11

ДҮЙНӨЛҮК БАНК: БИЗНЕС ЖҮРГҮЗҮҮ БОЮНЧА КЫРГЫЗСТАН 68-ОРУНДА


Кыргызстан бизнес жүргүзүүнү нормативдик-укуктук жактан жөнгө салуу боюнча дүйнөлүк лидерлердин катарына кирди. Дүйнөлүк банктын “Бизнес жүргүзүү-2009” деп аталган докладына ылайык, республика бизнес жүргүзүүнү нормативдик-укуктук жактан жөнгө салуу боюнча дүйнөдө үчүнчү орунду ээледи. Аталган баяндама кыргыз экономикасынын өнүгүү курсу туура жолдо бараткандыгын далилдеп тураарын Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесиинин өкүлү Роджер Робинсон 10-сентябрда Кыргызстандын президенти К. Бакиев менен жолугушууусу учурунда билдирди. Анткен менен айрым адистер бул отчетту даярдоодо ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча кабыл алынган документтер гана негиз болуп, экономикалык абалга терең анализ жасалган эмес деген пикирде.

“Бизнес жүргүзүү-2009” - деген аталыштагы баяндама ишмердүүлүктү жүргүзүүнү ишке ашыруу шарттары боюнча 181 өлкөнүн 10 көрсөткүч боюнча көрсөткүчүн камтыйт. Аталган докладдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан бизнес жүргүзүүнү нормативдик-укуктук жактан жөнгө салуу боюнча үчүнчү орунду ээлеп, Беларус, Сенегал, Колумбия, Египет сыяктуу өлкөлөрдү артта калтырды. Бизнес жүргүзүүдөгү өлкөнүн ыңгайлуулугу боюнча жалпы тизмеде Кыргызстан былтыр 99-орунду ээлесе, быйыл 68-орунга көтөрүлдү.

Ал эми бизнес жүргүзүүнү нормативдик-укуктук жактан жөнгө салуу боюнча алгачкы эки орун Азербайжан менен Албанияга берилди. Эл аралык финансылык институттун бул доклады кыргыз экономикасынын өнүгүү жолу туура багытта экендигин көрсөтүп тураарын Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин жетекчиси Роджер Робинсон мамлекет башчы К. Бакиев менен кечээки жолугушуусунда белгиледи. Робинсон мырза ошондой эле 2007-2008-жылдардагы акыркы 20 айдын жыйынтыгы боюнча кыргыз экономикасы тышкы терс факторлорго карабай жакшы көрсөткүчтөргө жетишкендигин белгиледи.

“Эгерде Кыргызстанда чындыгында эле экономиканы өнүктүрүү жаатында ийгиликтер болбосо, кадыр баркка ээ Дүйнөлүк банк да өзүнүн жогорку баасын бербейт эле”, - дейт “Ак жол” партиясынан Жогорку Кеңештеги депутаты Бейшенбек Абдырасаков:

2005-жылдагы окуялардан кийин Кыргызстандын экономикасы өнүгүп эле келатат. Мурун бюджет 20 миллиондун тегерегинде болсо, азыр 45 млрд болду. Бюджет эки эсеге көбөйдү, ушундан улам Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү бизди үчүнчү орунга бекитип жатат да. Дүйнөлүк банк ушундай баа бергени оңой эмес, бул Кыргызстандын рейтингин көтөрөт.

Ишкерлерге жеңилдиктерди берүү, бизнес чөйрөсүн жакшыртуу багытында “Бирдиктүү терезе” принциби киргизилген. Депутаттын баамында, бул да өлкөдө реформалар туура багытта жүргүзүлүп жатканын айгинелеп турат.

Анткен менен көп ишкерлер “Бирдиктүү терезе” принциби иш жүзүндө ишке ашпай жатканын айтышууда. Маселен “Түштүк Корея” инвестициялык фондусунун жетекчиси Жумакадыр Акенеев бул принцип киргизилгени менен ишкерлердин көбү мурдагыдай эле бюрократиялык тоскоолдуктарга дуушар болуп жаткынын айтат:

Иш жүзүндө мурдагыдай эле аткаминерлдер тараптан өтө чоң тоскоолдуктар болуп жатат. Мына биздин фонддун жумушун эле айтсам, бизге чет жактан келген инвесторлордун 90 пайыздайы кайра эле кетип жатышат. Албетте, кабыл алынган документер жакшы бирок алар аткарылбай жатпайбы.

Ал эми ишкер Райкан Алкановдун баамында, “Бирдиктүү терезе” принцибинин жана башка документтердин иштебей жатышы аткаруу бийлигинин жоопкерсиз мамилесинен болууда:

Буйрукту президенттер аткарбайт да, алар ушундай болуш керек деп гана кол коет документке. Ал эми аны аткаруу бийлигиндеги ортодогу аткаминерлер жакшы ишке ашырбай жатпайбы.

Ишкерлердин кызыкчылыктарын коргоо, бизнес чөйрөнү жакшыртуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жакында жаңы Салык Кодекси кабыл алынды. Анда салыктын көлөмүн 20 пайыздан 12 пайызга төмөндөтүү каралган.

Коомдук ишмер, мурунку премьер-министр Амангелди Муралиев Дүйнөлүк банктын бул доклады мына ушундай документтердин негизинде гана терең анализи жок даярдалды деп эсептейт. Ал учурда өлкөдө электр жарыгынын тартыштыгы, азак-түлүккө баанын кескин жогорулашы мамлекеттин экономикасы кандай өнүгүп жатканын көрсөтүп турат:

Менин оюмча Дүйнөлүк банк президенттин указдарын, парламентте кабыл алынган мыйзамдарды карап, үстүртөн анализ жүргүзүп ушундай чечим чыгаргандыр. Бирок тереңирээк казса абал анча жакшы эмес.

XS
SM
MD
LG