Бүгүн АКШнын Кыргызстандагы элчилигинде 11-сентябрда Нью-Йорк шаарында болгон террордук чабуулдун курмандыктарын эскерүү жөрөлгөсү өттү. Анда АКШ элчиси Татьяна Гфеллер-Волкофф чогулгандардын алдында сөз сүйлөп, аталган окуя бир гана Америка эмес, бүткүл дүйнөнүн трагедиясы экенин айтты. Анын айтымында, бейкүнөө каза болгондордун ысымдары дүйнө калкынын жүрөгүндө түбөлүк сакталат.(AiJu)