Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:24

Орусия америкалык ракета тоскучтар боюнча маселени Польша менен талкуулоого ачык


Бул тууралуу бүгүн Варшавада поляк кесиптеши Радослав Сикорски менен кездешкен соң Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров айтты. Анткени АКШда ракетадан коргонуу системасынын бир бөлүгүн Польшанын аймагына да жайгаштыруу планы бар. Сергей Лавровдун билдиргенине караганда, поляк лидерлери консультацияларды өткөрүүнү сунуш кылышты, бирок Орусия оболу конкреттүү сунуштарды күтөт. Орусия тышкы иштер министри ошондой эле Москванын жогорудагы планга каршы экенин дагы бир ирээт кайталады.

Вашингтон ракетадан коргонуу системасынын алкагында ракета тосуучу он жабдууну Польшада, ал эми коңшу Чехияда радарын жайгаштырууну белгилөөдө. АКШнын ырастоосунда бул система Орусияга эмес, Иран сыяктуу өлкөлөр туудурган коркунучка каршы багытталган.

XS
SM
MD
LG