Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:19

ПЕНТАГОН ООГАНСТАНДАГЫ ИЙГИЛИКТЕРИНЕ ИШЕҢКИРЕБЕЙТ


АКШда 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук алааматта курман болгондорду эскерип жатышат. Мунун алдында президент Жорж Буш Ирактан сегиз миңдей солдатты чыгарып, мунун эсесине Ооганстандагы контингентти күчөтүүнү чечкен эле. Ушул окуялардын аңытында конгресстин өкүлдөр палатасынын аскери иштер боюнча комитет мүчөлөрү Ирактагы жана Ооганстандагы операциялардын жүрүшү тууралуу Пентагондун жетекчилеринин маалыматтарын угушту.

Пентагондун башчысы Роберт Гейтс президенттин чечимин колдоду. Иракта кырдаал аз болсо да жакшыра баштады, мындай абал күчтөрдү кайра бөлүштүрүп, Ооганстандагы контингентти чыңдаганга мүмкүндүк берет. Деген менен Ирактан аскер бөлүктөрүн чыгаруу ишин Гейтс капыл-тапыл мүнөздө эмес, акырындап жүргүзүүнү сунуш кылды. “Аскери командачылыктын өкүлдөрү жагдай жетиштүү деңгээлде бекемделип бүтө элек деп эсептешет. Бул жерде али көп коркунучтар бар, абал дале морт”, -деп эскертти Гейтс жана АКШ Иракта дагы далай жылга байланып каларын да жашырган жок.

Ооганстандагы абалды Иракка караганда кыйла татаал деп сыпаттап, Пентагондун башчысы акыркы эки жылда экстремисттер каруу-күчтөрүн толуктап,операцияларын бир топ уюмдашып өткөрүп жатышканын моюнга алды. Анын үстүнө Ооганстанда бир эмес,бир нече жоо бар, атап айтканда, талиптерге, маңзаттарынын аткезчилерине жана “Ал-Каиданын” күчтөрүнө каршы күрөшкөнгө туура келет.

Гейтс буга кошо Пакистандын түндүгүндөгү уруулар аймагына өзгөчө басым жасап өттү. Бул аймакты ал террорго каршы күрөштүн негизги фронту катары атады.

Штаб башчыларынын бириккен комитетинин төрагасы адмирал Майк Маллен бул ойго кошулуп, уруулар аймагын душмандардан тазалоо үчүн АКШ Пакистан өкмөтү менен тыгыз кызматташ болушу керектигин белгиледи. Пакистандан ооп келип жаткан экстремисттерди агылгалап байкап турса, аларды жок кылса болот, бирок алардын очогу талкаланмайынча душманды тынчытыш мүмкүн эмес.

Мындан тышкары “Оооганстан солдаттарга эле эмес, көп сандаган автотранспортко, жолдорго, мектеп мугалимдерине, билимдүү юристтерге муктаж.Чет элдик инвестиция, апийим ордуна эгиле турган дан өсүмдүктөрү, ачык башкаруу, мыйзам нормалары - Ооганстандагы ийгиликтин башаты жана ачкычы ушуларда жатат”, - деп айтты адмирал.

Жалпысынан Маллен америкалык аскерлер ушу тапта Ооганстанда жеңишке жетип жатканына ишеничи жоктугун, бирок жеңишке жетсе болоруна ишенерин билдирди.

Бул учурда Пакистандын аскери жетекчилиги Ооганстандагы коалициялык күчтөрдү жакында Түштүк Вазирстан провинциясында өткөргөн операциясы үчүн кескин сынга алды. Аба жапырык маалында жергиликтүү жайкын калк арасынан он бештей киши өлүп, ондогон адамдар жарадар болушту.

Бул операцияны Исламабад суверендүү өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү катары баалады. ”Коалициялык күчтөргө биздин территорияда операцияларды өткөргөнгө уруксат берген эч кандай келишим же макулдашуу болгон эмес жана болушу да мүмкүн эмес”,- деп билдирди Пакистан армиясынын штаб башчысы генерал Ашфак Парвез Каяни. Ал Пакистандын территориялык бүтүндүгү жана суверенитети бардык чаралар менен корголорун, чет элдик аскерлерди Исламабад өз жерине бут бастырбай турганын эскертти.

The New York Times гезити аты аталбаган булактарга таянып, быйыл жайда президент Буш аскерлерге Исламабаддын уруксатысыз эле Пакистанга кирип, аскерий операцияларды өткөргөнгө тымызын буйрук бергенин жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG