Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:58

ЖАЛАЛ-АБАД: ЭРКИН ГЕЗИТТЕРГЕ КЫСЫМ ЖАСОО ТОКТОЙБУ?


Ырысбай Абдраимов, Жалал-Абад Жалал-Абад облусундагы калемгерлер «Ачык саясат» гезитинин баш редактору Бабырбек Жээнбековдун камакка алынуусун бийликтин чекилиги катары баалашты. Алардын көз карашында “Де-факто”, “Алиби”, “Ачык саясат” эркин басылмаларынын чыкпай калуусу өлкөдөгү сөз жана басма сөз эркиндигине жасалган сокку. Бийлик соттордун колу менен аларга миллион сомдогон айып пулдарды салып, каржылык жактан тукулжуратуу менен алардын ишмердүүлүгүн токтотууну көздөөдө. Мындан улам жарандардын эркин маалымат алуу укугу да чектелүүдө дешет облустук журналистер. Ошол эле учурда мамлекеттик басылмалардын өкүлдөрү аталган басылмаларга карата сот чечимин жактаарын билдиришти.

Облустагы калемгерлер менен эркин ой жүгүрткөн адамдар оппозициялык маанайдагы басылманын жетекчисинин камалышын туура эмес көрүштү. Соттордун чечими менен аракет кылган бийлик мурда «Сентябрь» сыналгысын, «Де-факто, “Алиби» гезиттеринин убактылуу жабылууга мажбурлап, эми «Ачык саясат» гезитине бут тосууда.

“Басылмаларга каржылык чамасы жетпей турган миллиондогон сом айып пулдарды салып, кийин аларга кылмыш иштеринин козголушу - демократиянын жарчысы болгон каражаттарды чыгарбоонун, коркутуу-үркүтүүнүн, элдин үнүн угузбай, өлкөдөгү мыйзамсыздыктарды жашыруунун амалы”, - деген пикирин “Сентябрь” телеканалынын жетекчиси Асылбек Текебаев билдирип, Бабырбек Жээнбековдун айып пулду акырындан төлөйм деген убадасы эске алынуусу керек болчу дейт:

- Азыркы күндө биздин бийликтин басма сөз эркиндигине, азыр жападан жалгыз чыгып жаткан “Ачык саясат” гезитине болгон кысым деп эсептейм. Бабырбек Жээнбековду камоо менен эркин басма сөз кызматкерлерин коркутуу-үркүтүү максатында, аларды бийликке каяша айттырбайбыз деген ниетте ушул аракеттерди жасап жатат деп эсептейм.

Журналисттерге жасалган зордук-зомбулуктардын айынан өлкөнүн демократиялык беделине шек келүүдө экендигин билдирген облустагы кыргыз тил комиссиясынын жооптуу катчысы Гүлмира Жапар кызы да Бабырбек Жээнбековдун абакка алынышын жактаган жок:

- Кыргызстандын тарыхында журналист өзүнүн кесиби боюнча штраф төлөгөндөр болушу мүмкүн, редакциянын мүлктөрүн өндүрүп алып, айып салуу шарттары ды болушу мүмкүн. Бирок эч качан камак коюу болгон эмес. Бул биздин демократиялык коомго терс көз караш катары кабыл алынса керек.

Маалымат каражаттарына жарыяланган ар бир окуя фактылар аркылуу изилденгенден кийин гана окуучуларга тартуулануусу абзел деген ишенимдегилер дп бар. Облустагы «Акыйкат» гезитинин редакторунун орунбасары Абдывали Айлаков оппозициялык гезиттерге карата чыгарылган сот чечимдерин туура деп эсептейт. Ал миллиондоп салынган айып пулдарды жактоо менен мындай көз карашын билдирди:

- Топтогон материалдын фактылары далилдүү болуш керек. Мына ошондо гана материал жакшы болуп чыгат. Ал кишинин сот органдары тарабынан мүлктөрүнүн конфискацияга алынышы, өзүнүн убактылуу камакка алынышы боюнча аны тергей турган укук коргоо органдары бар, ошолор чечим, тыянак чыгарат.

Өлкө эгемендикке ээ болгондон бери маалымат кызматкерлери үчүн эл аралык талаптарга ылайык иштөөнү үйрөткөн нечендеген окуу-семинарлар уюштурулууда. Адамдар доо арыздар менен кайрылып, соттордун айып пул салган чечимдерди чыгаруусуна эркин басылмалардын өздөрүнөн да калпыстыктар кетип, «керкисинде да, кемигинде да бар» деген пикирдегилер да бар.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG