Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:43

15:55 Ош облустук бийлиги табигый кырсыктан кыйраган үйлөрдү өкмөт куруп берүүгө милдеткер эместигин жарыя кылды


Ош облус губернаторунун биринчи орун басары, табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча комиссиянын төрагасы Айтмамат Кадырбаев атайын маалымат жыйынында кыштагы зилзаладан 4030 үй бүлө жапа чеккендигине токтолуп, кыргыз өкмөтү кыйраган турак жайларды куруп берүүгө милдеткер эместигин жарыя кылды. Анын оюнча, мамлекет жабыркаган жарандарга каражат бөлүүгө милдеттүү эмес, үйлөрдүн коопсуздугу ээлери тарабынан алдын ала камсыздалышы кажет.
Оштук талдоочу Санжар Тажиматов Кадырбаевдин кебин жоопкерчиликтен качуу катары эсептеп, ошондой эле өкмөт чукул чараларды көрбөсө, кыш мезгили нааразычылык акциялары менен коштолоорун билдирди. (ATo)

XS
SM
MD
LG