Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:21

КАГАЗЫ-АРБЫН, МАКУЛДАШУУСУ-УЗАК


Аптанын аягында Жамааттык коопсуздук келишимине мүчө өлкөлөрдүн өзгөчө кырдаалдар министрлеринин Координациялык кеңешинин 1-отуруму өттү. Анда табигый кырсыктардан алдын-алуу, анын кесепеттерин жоюу боюнча биргелешип иштөөгө жол ачкан биртоп келишимдерге кол коюлду. Уюмга мүчө өлкөлөр 2012-жылга чейин бул жаатта кандай иштерди жасай тургандыктарын Бишкектеги жыйында аныкташты.

Министрлердин Координациялык кеңешинде кол коюлган келишимдер Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун катчылыгы аркылуу мүчө өлкөлөрдүн тийиштүү мекемелерине берилет. Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министри Владимир Божко кол коюлган документтердин макулдашуу жөрөлгөлөрү өтө эле созулуп кетерин белгилеп, анын айрымдарын кыскартып койсо деле болоруна басым жасады.

- Коопсуздук кеңеш катчылары биздин “өз атабыз” экенин мен түшүнүп эле турам. Алар бизди тескеп турат. Мамлекет башчылары да түшүнүктүү. Биз макулдашуу жөрөлгөлөрүн дагы татаалдаштырып жатабыз. Дагы кайталап коеюн, мамлекет башчылары бул жоболорду бекитиши керек.

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министри отурумда кабыл алынган документти коргоо жана тышкы иштер министрликтери тарабынан да өткөрүү зарылдыгын артык баш жүк катары баалай тургандыгын билдирди. Кабыл алынган документтердин мүчө өлкөлөрдөн жактырылыш жөрөлгөсү менен Координациялык кеңештин кезектеги отуруму качан өтөрү айрым бир талаш пикирлерди жаратпаса жыйын катышуучулары ортолук документтерди талаш-тартышсыз эле кабыл алышты. Аны жыйынга төрагалык кылган Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев да белгиледи:

- Биз даярдаган документтердин баарына макул болуп өткөрүп беришти.

Уюмга мүчө өлкөлөрдүн 2012-жылга чейинки кызматташтыгы тууралуу алгач айырмалуу позициясын билдирген Өзбекстандын өзгөчө кырдаалдар министринин орунбасары Хакимжан Абдулазизов да сунуштары эске алынганын атайын белгиледи.

- Кечээ эксперттик деңгээлде бардык маселелер кылдат каралды. Анын жыйынтыгында Өзбекстандын бардык позициясы эске алынгандыгы пайдалуу жана туура болду.

Камчыбек Ташиев Нарын-Сырдарыя алабында жашаган өлкөлөргө өзгөчө коркунуч туудуруп келаткан Кыргызстандагы уулуу зат калдыктарын зыянсыздандыруу, экологиялык коркунучту жоюу маселеси алгачкы жыйында талкууланбаганын, бирок да кийинки жыйындарда ал сөзсүз караларын ырастады.

- Ошол негизги багыттарыбызды бекитип алгандан кийин гана биз толук бойдон бөлүнүп иштей баштайбыз. Уулуу калдыктар боюнча иштейбиз. Өзгөчө кырдаалдар боюнча иштейбиз. Бири-бирибизге жардам берүү боюнча иштейбиз. Бул жерде иштей турган жумуштар өтө көп.

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министри Владимир Божко уюмга мүчө өлкөлөрдүн текши баары өз милдеттерин аткарып жатканын, антсе да чогуу-чаран иштөөнүн артыкчылыгы жогору экенин айтты.

- Бардык өлкөлөр бул багытта аракет жасап, алдыга умтулууда. Эч кимдин ортолук кеңеш чечимин күтүп отурган жери жок. Бирок да биз маалы келгенде кайсы өлкө эмне менен иштеп атканын билбей калабыз. Эгер аны билип турсак акчабыз талаага кетпей, ишибиздин ыкчамдыгы, натыйжасы артмак.

Жаматтык коопсуздук келишими уюмуна кирген өлкөлөр ортолук маалымат мейкинин түзүүнү макулдашты. Жыл аягына чейин бул жаатта аткарылчу иштер аныкталса эмдиги жылдан тарта ал толук ишке киргени турат. Ала улай дагы бир маселе Ереванда өтчү экинчи жыйынды кайсы убакка коюлары да такталмакчы.

XS
SM
MD
LG