Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:13

18:15 Жалал-Абад: диний экстремизм аркеттери басаңдай элек


Облуста «Хизб ут-Тахрир» саясий партиясынын мүчөлөрүнө козголгон беш кылмыш иши сотко берилген. Партиянын адам өлтүргөн деп айыпталган бир мүчөсү өмүр бою эркинен ажыратылып, экинчиси болсо 20 жылга абакка кесилген. Жыл башынан бери аталган жашыруун уюмдун ишмердүүлүгүнө тиешелүү 19 окуя болгон. Натыйжада 532 даана китеп-журнал, 439 баракча жана 173 компакт дисктер колго түшүрүлгөн. Диний экстремизм менен мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшкөн тартип сакчылары «Хизб ут-Тахрир» партиясынын таасири азайып, алар жашыруун иштөөгө өтүшкөнүн белгилешүүдө. Буга чейинки маалыматтарда мусулмандар басымдуулук кылган өлкөлөрдө Ислам халифатын тургузууну максат кылган уюмдун миңдеген мүчөлөрү бар экени маалымдалган. Партия өз катарына жумушсуз, билимсиз жаштар менен өспүрүмдөрдү, кыз-келиндерди тартып атканы айтылып келген. (YA)

XS
SM
MD
LG