Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:03

Орусиянын аскерлери Грузиянын батыш аймактарынан чыгып кетти


Башкача айтканда Орусия бул аймактардагы беш, анын ичинде Грузиянын стратегиялык Поти портунун сыртындагы көзөмөл бекетин жойду. Бул маалыматты эки тараптын тең расмий өкүлдөрү бүгүн ырасташты.
Орусия тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Андрей Нестеренконун айтымында, орус аскерлеринин кетиши Еврошаркет менен Орусия ортосунда 8-сентябрда жетишилген макулдашууга ылайык болду.
Орус жана француз президенттери Дмитрий Медведев менен Николя Саркози макулдашкан ал келишимге ылайык, Орусия Поти порту менен Сенаки шаарынын айланасындагы беш аскерий бекетин ушул дүйшөмбүгө чейин жоюуга милдттеме алган.
Анткен менен Москва мындан ары эгемендүү деп тааныган Түштүк Осетия менен Абхазияда миңдеген аскерин кармарын билдирүүдө.
Бул аралыкта бүгүн Грузиянын Абхазия жанындагы полиция бекетинен бир полицей ок жеп каза тапты. Бул тууралуу Грузиянын Ички иштер министрлигинин өкүлү билдирди. Грузин тараптын айтымында, ок орус жана абхаз аскерлери жайгашкан базадан атылган.

XS
SM
MD
LG