Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:04

12:26 Эртең коомдук парламенттин кезектеги жыйыны өтөт


“Акыйкат үчүн” кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкуловдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, коомдук парламенттин эртеңки отурумунда өлкөдө экономикалык жана саясый кырдаалга, сөз эркиндиги жана адам укуктарынын абалына баа берилет. Мындан тышкары жыйында Кыргызстандын өнүгүү концепциясы талкууга алынат. Республикадагы саясый жана экономикалык кырдаал тууралуу “Улуу биримдик” партиясынын төрагасы Эмилбек Каптагаев, адам укуктары боюнча “Жарандык коом демократия үчүн” Коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова, ал эми өлкөнүн өнүгүү концепциясы тууралуу саясий ишмер Мирослав Ниязов доклад окушат. Жогоруда белгиленген маселелерден сырткары оппозициянын кеч күзгө белгилеп жаткан Элдик курултайга даярдык көрүү маселеси каралат. Жыйындын соңунда күн тартибине кирген үч маселеле боюнча атайын резолюция кабыл алынаары күтүлүүдө.(MSu)

XS
SM
MD
LG