Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:45

14:05 Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысына байланыштуу ишти сот 24-сентябрда карайт


Бул тууралуу “Психикалык саламаттык” коомдук бирикмеси билдирди. Уюмдун маалымдашынча, коомдук бирикме психикалык саламаттыкты коргоо боюнча Европалык планды аткаруу үчүн министрлик кандай аракеттерди көргөндүгү жөнүндө маалымат берүү өтүнүчү менен Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы Касымбек Мамбетовго кайрылган. Бирок статс-катчыдан эч жооп болбогон соң бирикме сотко кайрылган. 8-сентябрда Бишкек район аралык сот “Психикалык саламаттык” бирикмесинин К.Мамбетовго каршы аразын кабыл алып, сот отурумун 24-сентябрга белгиледи. Коомдук бирикменин белгилешинче, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму психикалык жактан жабыркагандарды обочолонтуп кармаган мекемелерди жаап, аны адам укуктары бузулбаган мекемелерге алмаштыруу сунушун берген. Бирок министрлик 2006-жылы 15 миллион сомду моралдык жактан эскирген психиатриялык мекемелерди кайра оңдоого жумшаган. Уюмдун маалымдашынча, буга байланыштуу бардык документтерде статс-катчынын колу турат. Ал эми статс-катчы К.Мамбетов бирикменин аны сотко беришин негизсиз деп эсептейт. Ал бул тууралуу “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирди. Статс-катчынын айтымында, күнүгө ушундай мазмунда 20-30 кат түшөт. “Каттарды карап, өзүмдүн резолюциям менен жооп берчү атайын бөлүмдүн адистерине тапшырам, ошолор жооп бериши керек”, дейт К.Мамбетов.(MSu)

XS
SM
MD
LG