Линктер

шейшемби, 24-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:33

Ооганстандын түштүгүндө жанкечтинин жардыруусунан үч адам каза тапты


Каза тапкандар - Улуттар уюму үчүн иштеген эки дарыгер жана алардын айдоочусу. Дагы он бештей киши жаракат алды. Кандагар провинциясынын полиция башчысынын айтымында, жанкечти бомбаланган автоунаасын Пакистанга чектеш Спин -Болдак шаарынын жанындагы базарда жардырган.
Рейтер агенттигинин кабарына караганда, жанкечтинин бүгүнкү чабуулу үчүн Талибан кыймылы жоопкерчилик алды.
XS
SM
MD
LG