Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:51

АШГАБАТТАГЫ АТЫШУУЛАР АНЫГЫНАН БҮДӨМҮГҮ КӨП ОКУЯ БОЛДУ


Түркмөн бийлиги өлкө башкааласы Ашгабатта 13-сентябрда орун алган атышууларды баңгисоодасы менен алектенген кылмыштуу топту жок кылуу иш-чарасы катары мүнөздөдү. Бул тууралуу түркмөн тышкы иштер министрлиги жекшембиде тараткан билдирүүдө белгиленет. Бирок атышуу учурунда кандайдыр бир жоготуу болгон - болбогону же баңгиаткезчиси деп шектелгендерин канчасы кармалганы тууралуу расмий билдирүүдө эч нерсе айтылган эмес. Ашгабатта апта соңунда орун алган окуя боюнча али жообу белгисиз суроолор бир топ.

Түркмөн башкааласы Ашгабаттагы атышуулардын чоо–жайы расмий тараптан жашыруун сыр бойдон калууда. Анык белгилүүсү - атышуунун болгону гана. Ал эми өкмөттүн сынчылары чынында урушка радикал исламчылар тартылган болушу мүмкүн экендигин айтышууда.

"Азаттык жана Эркин Европа" үналгысынын Ашгабаттагы кабарчысы, кесиптешибиз Халмурад Глычдурдынын айтымында, өкмөттүн атышууну баңгиаткезчилерге каршы багытталган иш-чара катары мүнөздөгөн жекшемби күнкү билдирүүсү атүгүл Түркмөнстандын өзүндө да таратылган жок. Ашгабаттагы абал тынч, бирок жергиликтүү тургундар чынында эмне болгонун так билбей жатышат:

- Ашгабатта расмий бийлик тарабынан эч түшүндүрмө болгон жок. Теледен да, радиодон да эч маалымат айтылбады. Адаттагыдай эле баары жымжырттыкты сактоодо. Бул окуядан бери бүткүл шаарда саат беш же алтыдан кийин эле тынч. Көчөлөрдө унаалардын ары-бери каттоосу аз. Адамдар үйлөрүнөн чыгышкан жок. Мурда адамдар көчөдө түнкү он эки, бирге чейин жүрүшчү. Азыр баладан чоңго чейин жети-сегизден кийин эле үйүндө.

Кесиптешибиз Халмурад Глычдурды кошумчалагандай, бийликтин орун алган окуя боюнча эч кандай маалымат бербегендиги адамдарды кыжаалат кылууда, көптөгөн кишилер шаардын ошол атышуу болгон бөлүгүндө жашаган туугандарынан тынчсызданып жатышат.

Халмурад Глычдурдынын айтымында, атышуу Ашгабаттын Хитровка деген районунда болгон. Бул жер - шаар борборунан кыйла узак. Ал жана башка журналисттер ишембиде эле Хитровка районуна барууга аракеттенишкен, бирок полиция жол берген эмес. Ошондой эле аталган райондо жашаган тургундарга телефон чалуу мүмкүн эмес, байланыш өчүрүлгөн.

Халмурад Глычдурды белгилегендей, ал өзү да өкмөттүн ок атышуу полиция менен баңгиаткезчилеринин ортосунда жүргөн деген маалыматына ишене албайт:

- Минтип ойлобойбуз. Албетте, алар ( бийлик өкүлдөрү) “адамдар жашоосуна канааттанбайт, жумушсуздукка нааразы” деп айтышпайт. Алар муну жөнөкөй элдин социалдык абалына байланыштырышпайт. Албетте, баарын террорчулукка, баңгизатка бурушат. .

Бул аралыкта оппозициячыл маанайдагы Түркмөнстан элдик демократиялык кыймылынын Түркмөнстандын өзүндө ачылбаган www.gundogar.org интернет сайтынын жазганына караганда, полиция менен ок атышууга баргандар - "диний топ, балким радикал исламчылар" болушу ыктымал. Аталган интернет баракча ошондой эле күбөлөргө шилтеме берип, урушта 20 полициячы каза тапканын, алардын сөөгү Ашгабаттагы ооруканалардын бирине жашыруун алынып келингенин жазды.

Бул маалымат башка булактар тарабынан ырастала элек.

Ал эми адам укугун коргоочулардын Түркмөнстандын өзүндө ачылбаган "Түркмөнстан хроникасы" (http://www.chrono-tm.org ) деп аталган интернет басылмасынын өлкөнүн ИИМдеги булактарына шилтеме берип жазганына караганда, Ашгабаттын Хитровка районундагы имараттардын бирине кирип алган куралчандар менен атышууда коопсуздук күчтөрү кеминде тогуз өкүлүн жоготкон, жаракат алгандардын саны да мындан кем эмес.

Борбордук Азияга адистешкен орусиялык журналист, "Время Новостей" гезитинин кабарчысы Аркадий Дубнов болсо "Франс-пресс" агенттигине анын Ашгабаттагы булактары коопсуздук күчтөрү шаардын түндүгүндө ичүүчү суу чыгаруучу заводдун аймагына бекинип алган куралдуу топко каршы "танктар жана брондуу техника" менен келип ок чыгарганы, шаардын моргуна "ондон жыйырмага" чейинки сандагы полициячынын сөөгү алынып келингени тууралуу айтканын маалымдады.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG