Өлкө жетекчиси 19-сентябрда Тогуз-Торо районундагы эки мектепти ачып, Жалал-Абад шаарындагы "Нур" акционердик коомунун иштөөсү менен таанышат. Түштөн кийин Барпы театрында заводдун 60 жылдыгына байланышкан иш-чарага катышат. Эртеси күнү Сузак районунда мектептин ачылышына катышып, Базар-Коргондо кол өнөрчүлөрдүн көчөсүн көрөт. Ноокен районунда пахтакерлер менен жолугушкан соң Кочкор-Ата шаарындагы жип ийрүү ишканасы менен таанышкандан кийин президенттин иш сапары аяктайт.(YA)