Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:01

АК ҮЙДҮН АЙЛАНАСЫНДА АЙЫГЫШКАН КАРМАШ. ПРЕЗИДЕНТ ЭМНЕ ДЕЙТ...?


Күзгү саясий мезгилдин башталышына удаа бийлик менен оппозициянын эле эмес, бийлик ичиндеги топтордун таймашуусу күч алып, анын жаңырыгы маалымат каражаттарына чыгып кетти. Айыгышкан кармаштын себеби президентке жакын туруу, ошого жараша кадр, менчиктештирүү, ресурстарга көзөмөл жүргүзүүгө таасир этүү экени байкалып турат.

Маалымат каражаттарынын жазуусу боюнча айыгышкан бир топтун башында президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркулов турат. Ага каршы аёосуз күрөш жүргүзгөн экинчи топтун катарында президенттин иниси Жаныш Бакиев, президенттин кеңешчиси Үсөн Сыдыков, Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Адахан Мадумаров турат.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев эки топтун кармашынын себеби ресурстарды колго алуу жана менчиктештирүүнү көзөмөлдөө экенин айтып буларга токтолду:

Бул президенттин командасынын ичинде ынтымак-ырк жок. Бул карама-каршылык ушунчалык деңгээлге жетти, муну президент да жаап жашыра албай калды. Бул конфликт обьективдүү факт. Бул жөн гана конфликт эмес, биздин саясатка таасир эте турган, саясий климатты, кырдаалды өзгөртө турган чоң саясий фактор.

Азыркы кезде чабуулдун астында турган Медет Садыркуловго чейин Курманбек Бакиевдин президенттик администрациясын Үсөн Сыдыков, андан кийин Мыктыбек Абдылдаев башкарган. Бирок алардан кийин өтө таасирлүү орунга келген Садыркулов бир кыйла натыйжалуу иштери менен байкалганы маалым.

Маселен, эгерде Үсөн Сыдыков оппозиция жана өкмөттүк эмес уюмдар менен байланышты түзө албай, райондук деңгээлдеги кадрларды дайындоо менен убара болсо, Медет Садыркулов бейөкмөт уюмдар менен карым-катнашка барып, 2006-2007-жылдардагы эң татаал мезгилдерде оппозицияны да, өкмөттүк эмес уюмдарды да бөлүп, бир тарабын бийликтин кызматына тарта алды.

Муну менен оппозиция алсызданып, бийлик кырдаалды көзөмөлгө алды. Парламенттик шайлоо да белгиленген сценарийде өттү.

Бирок Садыркуловдун кайсы бир команданы бөлүп жарып, анын бир бөлүгүн бийлик короосуна алып келүү ыкмалары дайым эле бийлик үчүн, мамлекет үчүн пайдалуу боло берген жери жок.

Талдоочулардын пикиринде, Садыркуловдун дал ушундай ыкмасынан Социал-демократтардын лидери Алмазбек Атамбаев кызматтан алынып, учурда ал оппозициянын алабын күчөтүүдө. Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Адахан Мадумаров да ошондой ыкмалардын курмандыгына айланып, “Садыркулов-Мадумаров чатагы” азыркы кезде ырбап, жайылып баратат.

Садыркуловдун атына айтылган айыптоолордо мурунку президент Аскар Акаевге алып бараткан 420 миң доллар, ага байланыштуу соттук иштер мисалга келтирилет. Жаңы айыптоолордо Ысык-Көлдөгү мамлекеттик резиденцияда быйыл Медет Садыркуловдун 392 миң сомго эс алганы айтылат. Президенттик администрациядан мындай айыптоолорго эч жооп боло элек.

Саясат таануучу Марат Казакпаев президенттин айланасында андай кармаштар ар дайым болуп келгенин жана дүйнөлүк практикага да жат эмес көрүнүш экенин белгилейт:

Президенттин айланасында андай чатактар чыга берет. Дүйнөлүк практикада да боло берет. Бирок президент бул маселени өзүнүн колуна алып, чечиш керек. Президенттин командасынын ичиндеги ушундай интрига, чатактар жакшылыкка алып келбейт,пайда бербейт.

Ал эми экинчи бир саясат таануучу Марс Сариев президент эч кайсы топко тартпаш керектигин айтат:

Президенттин жанындагы топтор бири-бири менен кармашып жатат. Мындай кырдаалда президент кайсы бир топко тартпай, теңдештирип, жалпы улуттук, Кыргызстандын, кыргыздын кызыкчылыгын кармаш керек.

Марс Сариевдин пикиринде, кармашкан тараптардын регионалдык мүнөз күткөнү жана чет өлкөлүк ири мамлекеттердин бул жерде кызыкчылыктары болуп жатканы коркунучтуу. Ошондуктан кармашкан элита өкүлдөрү да улуттук кызыкчылыкты артыкчылык катары коё билиши керек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG