Брюсселде чогулган Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери Беларуста парламенттик шайлоолор эркин жана ачык өтсө, бул өлкөгө карата киргизилген чектөөлөрдү жеңилдетүү маселеси каралып чыгышы ыктымалдыгын айтышты. Беларуста парламенттик шайлоо 28-сентябрга белгиленген. 2006-жылы өткөн президенттик шайлоо эл аралык талаптарга жооп берген эмес деген негиз менен беларус президенти Александр Лукашенко жана 40 аткаминерге Евробиримдиктин өлкөлөрүнө кирүүгө тыюу салынган.