Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 22:44

13:13 Ревком президент Бакиевди токтоосуз кетирүүнүн мыйзамдуу аракетин көрөт


Бул тууралуу бүгүн революциялык комитеттин негиздөөчүсү Азимбек Бекназаров “АКИпресс” агенттигинде уюштурулган маалымат жыйынында билдирди. Бекназаров президенттик шайлоону күтүүгө негиз жок, анткени, азыркы бийлик мамлекетти башкарууга жөндөмсүз экенин өткөн үч жылда көрсөттү деп эсептейт. Революциялык комитет ишмердүүлүгүн октябрь айында жандандырууну, бир лидердин айланасына баш кошууну көздөп жатат. Мурдагы баш прокурор Азимбек Бекназаров “Акыйкат үчүн” кыймылына мүчө. Бирок, кыймылдын кээ бир позициялары боюнча айырмачылыктар бар деп билдирди экс депутат. Бекназаров кечээ өткөн коомдук парламенттин жыйынына катышкан жок. (BuS)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG