Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:05

З.БЕКЕНОВА: БИЗ ЖАСАГАН ИШИБИЗ МЕНЕН ЛЕГЕНДАРЛУУ ПАРЛАМЕНТ БОЛУП КАЛАБЫЗ


Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек Кыргызстанда күз күрөш эң оболу саясий айдыңда күч алгандай таасир берет. Буга бир жагынан өлкөдөгү оппозициялык кыймылдардын биригүүсү, мамлекеттик бийликтин аткаминерлеринин өз ар кармашы таасир берип жатса, энергетикалык кризис менен баалардын асмандашы күйүп жаткан отко май сепкендей эле кылууда. “Азаттыктын” таңкы түз маегинде парламенттеги «Ак жол» фракциясынан депутаты Зулхабира Бекенова өлкөнүн булуң-бурчундагы шайлоочулар менен жолугушуулары тууралуу кеп куруп берди.

- Зулхабира айым, кечээ Коомдук парламенттин жыйынында айрым саясатчылар алыскы айыл жерлерине барып, эл аралап келишкенде президент Курманбек Бакиевдин кадыр баркы 20-30 пайыздык деңгээлде экен деп чыгышты. Ошол эле учурда “Ак жол” партиясынан” шайланган эл өкүлдөрү дагы эл аралап, шайлоочулары менен жолугушуп келипсиздер. Азыркы бийликке, президент Бакиевге элдин ишеними кандай экен?

Биз жайкы каникул мезгилинде Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандын бүт булуң-бурчтарында болуп эл менен кезигип келдик. Элдин көз карашы мурдагыдай эмес, аң-сезими ойгонуп, алар дагы айтып-суранып жатышты. Баягыдай чыр-чатакты, митингдерди токтотуп, элди, жерди ойлоп, элибиз шайлаган президентибиздин жүргүзгөн саясатын, ишин колдоп, алдыда кыш келе жатат, ошол кышка даярдык көрсөңөр жакшы болор эле деген ойлорун айтышты.

Мен буга байланыштуу айтып кетким келет, менин көз карашым боюнча президентибиз тараптан да, өкмөт тараптан да элге керек болгон иш аракеттер көрүлүп жатпайбы. Энергияны үнөмдөө үчүн жасаган иш аракеттин негизинде Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү көтөрүлүп, кыш мезгилине элибизге жетиштүү болгон энергия үнөмдөлүп калды.

Көмүр менен камсыз болуп, мына ТЭЦ көмүр менен камсыз болууда экенинен бардык эле элибиз кабардарсыздар,. Андан тышкары борборубуздун эли гана эмес, бүт региондорго көмүр жеткирилмекчи. Азык-түлүк программасын колдоо максатында жер-жерлерде дыйкан базарлары ачылууда.

- Сиз элди аралап, эл арасын кыдырганда алар жыргал турмушта жашап атыптырбы же кандайдыр бир көйгөйлөрдү айтыштыбы?

Бирок чындык, кээ бир 15 жыл бою жасалбаган, унутулган иш чараларды эки-үч жылдын ичинде эле бүтүрүп кетет деген ойдон алыспыз. Бирок эл да ошону туура түшүнүп айтышты, ушунча жылдан бери унутулган маселелер бир аз да болсо козголуп, турган машина ордунан жылганын бир ооздон айтып беришти. Чындыгы, суу маселеси козголду. Бирок ошол суу маселесин биз жакында боло турган 26-сентябрдагы парламенттик угууда бул суроону биз өкмөттүн алдына коебуз. Андан ташкары элдер аткарылбай калган кээ бир жумуштар боюнча көп убакта аткаруу бийлиги өз убагында биздин президентибизге туура маалымат бербей, туура айтылбай жатат, ушуларды силер айтсаңыздар деп бизден суранып кетишти.

-Мына жергиликтүү кеңештерге шайлоого үгүт иштери башталды. Бул шайлоо парламенттик шайлоо сыяктуу таза өтпөйт дегенге сиздин көз карашыңыз кандай?

Мен жергиликтүү боло турган шайлоолордун даярдыгынан кабарым бар. Менин оюм боюнча биздин Жогорку Кеңештин парламентиндей эле арасында жаштар, аялдар, ар түрдү кесиптин ээлери болсо, шайлоо чындык менен өтөт деп ойлойм. Себеби, биздин жаңы Жогорку Кеңештин ишине элдин көз карашы аябай туура экен, туура кабыл алышып, силер ушундай иш менен барсаңыздар бизге аябай жакшы болот эле деген ойлорун айтышты. Бирок менин айтаарым биздин парламент өзүнүн жасаган иши менен легендарлуу парламент болуп калат деген ойдомун.

-Ал эми “Ак жол” партиясынан жергиликтүү Кеңештерге шайлоого талапкерлер көрсөтүлүп атыптырбы?

Көрсөтүлүп атат, бирок жеке өзүн-өзү көрсөткөндөр аябай көп болуп жатыптыр. Эми аны шайлоо убагы көрсөтөт да.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG