Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:41

15:28 Досбол Нур уулу Нью-Йоркко баратат


Президенттин маалымат кызматынын билдиргенине караганда, БУУнун башкы ассамблеясынын 63-сессиясына Кыргызстандан мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу катышаары болжолдонууда. Мамлекеттик катчы 23-сентябрдан тарта бир аптага созула турган саясий талкууларга катышып, Кыргызстандын атынан сөз сүйлөйт.
БУУнун башкы ассамблеясынын 63-сессиясы бүгүн башталып, анда 160 маселе каралары күтүлүп жатат. Алардын катарында тынчтык, коопсуздук, адам укугун, айлана-чөйрөнү коргоо, социалдык-экономикалык өнүгүү маселелери бар. Мындан тышкары БУУнун коопсуздук кеңешин реформалоо, жарды өлкөлөргө колдоо көрсөтүү, СПИДге каршы күрөш маселелери да каралары тууралуу маалымат тарады. (BuS)

XS
SM
MD
LG