Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:23

ЗАРДАРИ БРИТАНИЯДАН АКШны ЧЕК АРАДАН СОККУ УРУУСУН ТОКТОТУУГА КӨНДҮР ДЕП СУРАНУУДА


Эдил Сапарбек уулу, Прага Расмий Исламабад АКШ куралдуу күчтөрүнүн Пакистандын Ооганстан менен чектешкен чек ара тилкесиндеги уруулук аймактарынан баш паана тапкан талип жана ал-каидачыл жоочуларды жок кылууга багытталган аскердик чабуулдарын токтотуу үчүн Британиядан арачылык колдоо издөөдө.

Пакистандын жаңы шайланган президенти Асиф Али Зардари (Asif Ali Zardari) шейшембиде (16-августта) Британиянын премьер министри Гордон Браун (Gordon Brown) менен жолугушту.

Бул 9-сентябрдан бери президенттик кызматты аркалай баштаган Зардаринин батыш лидерлеринин бири менен алгачкы жолугушуусу.

Важид Шамсул Хасан (Wajid Shamsul Hasan) - Пакистандын Британиядагы толук ыйгарым укуктуу элчиси. Ал “Азаттыкка” курган маегинде президент Зардари Британияга бейрасмий сапар менен келгенин жана премьер менен жеке жана расмий эмес деңгээлде жолукканын айтты

- Терроризм жана экстремизм жалпы дүйнөнүн көйгөйлөрү. Британия менен Пакистан бул көйгөйдү жоюуда бири-бири менен кызматташып келет. Ал эми Зардари мырза Пакистандын Элдик партиясынын лидери жана Пакистандын президенти катары террорчулукка каршы күрөшүү жаатында өзүнүн тийешелүү көз карашы жана иш долбоору бар инсан. Мына ошол пландарын ал премьер министр Гордон Браунга ачыктап, аны кантип жүзөгө ашырып, террорчулукка каршы кантип натыйжалуу күрөш жүргүзүү керектиги тууралуу талкуулашмакчы.

Ал ортодо Британиялык «Гардиан» (Guardian) гезити президент Зардаринин планын жалпысынан сүрөттөп жазып чыкты. Ага ылайык Пакистан жетекчиси терроризмге каршы мүмкүн болушунча ар тараптуу стратегияны сүрөп жатат. Маселен, аскердик иш-аракеттерге таянып чектелбестен, тескерисинче, аракеттин оодук бөлүгүн дипломатиялык, аймактык кызматташуу, саясий жана башкаруудагы реформалар жана экономикалык өнүгүү багыттарындагы иш-чаралар түзүүгө тийиш.

«Гардиандын» жазышынча, Исламабад Пакистандын уруулар жайгашкан аймактарын кайра куруу жаатында иш алып барууну Британиянын жетегиндеги консорциум жүзөгө ашыруусу керек деп сунуштоодо.

Британия мурда Пакистанга оторчул (колониячыл) үстөмдүк кылып келген жана азыр деле пакистандык саясий элита Британияны ишенимдүү өнөктөш жана насаатчы катары кабылдашат.

Хасандын айтымында, президент Зардари Улуу Британиянын премьеринен расмий Исламабадга терроризмге каршы өз алдынча күрөш жүргүзүүгө жана экономикалык оор кырдаалды оңдоого мүмкүндүк бериш үчүн расмий Вашингтонду ынандырууга жардам суроодо.

- АКШнын акыркы бомбалоосу абдан ирээнжиткен окуялардан болду. Анткени алар байкала турган тактикалык майнап бербестен, тескерисинче, карапайым калайыктын Пакистан өкмөтүнө да, Америка менен Батышка да нааразылыгын ырбатып жиберди.

Британиядагы 2 миллиондой мусулмандардын басымдуу бөлүгүн пакистандыктар түзөт жана расмий Исламабад 2005-жылдын 7-июлундагы Лондондук коомдук унаа системасында жанкечтилер жүзөгө ашырган террордук жардыруудан кийин теги пакистандык жамааттын ичинде террорго тийешеси барларды иликтөөдө Лондон менен тыгыз кызматташты.

Ал каргашалуу жардыруулардан 52 жүргүнчү набыт болгон эле.

Бул террордук чабуулду уюштурган төрт жанкечтинин үчөөсү – теги пактистандык британ атуулдары болуп чыккан.

Эми Пакистан ошол кызматташуунун акыбети катары Британия өкмөтүнөн Пакистандын Ооганстан менен чектешкен чек ара тилкесиндеги уруулук аймактарына АКШ аскер күчтөрүнүн чабуулун токтотууга расмий Вашингтонду көндүрүү үчүн кол кабыш кылуусун күтүүдө.

XS
SM
MD
LG