Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:12

Н.ДҮЙШЕЕВ: ООРУГАН МАЛДЫН ЭТИН ЖЕРГЕ КӨМҮҮГӨ КӨҢҮЛ БУРУЛБАЙ ЖАТАТ


Маектешкен Аманбек Жапаров, Бишкек Кыргызстандын түштүк аймагында малдын күйдүргү илдети жайылып, андан адамдар да жабыркаганы тууралуу маалыматтар чыкты. Республикадагы эпизоотикалык абал тууралуу мамлекеттик ветеринария департаментинин директорунун орун басары Нурлан Дүйшеев «Азаттыктын» түз маегинде сөз куруп берди.

- Баткендин Кадамжай, Жалал-Абаддын Аксы райондорунда күйдүргү илдетине чалдыккан адамдардын саны көбөйүп баратканы айтылууда. Анын чыгышына эмнелер себеп болууда?

Биринчиден, эгер Кадамжай районун алсак, Баткен облусунда мурда күйдүргү оорусу катталган эмес, ошондуктан ал жерде эмдөө иштери жүргүзүлгөн эмес. Акча каражаттын тартыштыгына карата биз акыркы 5-10 жылдын ичинде күйдүргү оорусу катталган жерлерде эле эмдөө иштерин жүргүзүп келгенбиз. Экинчиден, азыр күн ысык болуп атат, жайыттарда тоют жок. Бул жерден чыккан ылаңга мал топурак менен оорунун козготкучун жугузуп алып жатканы себеп болууда.

Андан тышкары бул оорунун чыгышынын себеби - жергиликтүү бийликтер ооруган малдын этин жерге көмүүгө жакшы көңүл бурбай атат. Анткени алар бетондолуп, тегереги тосулуп, атайын белги коюлушу керек. Кээ бир жерлерде ушул эреже аткарылбай атат. Бирок биз бүгүнкү күндө облустук, райондук администрация менен ушул маселени чечип, айыл өкмөттөрүнө аябай катуу талап коюп жатабыз.

-Мал-жандыктардынын шарп, кутурма, карасан, кара өпкө илдетине каршы кандай иштерди жүргүзүп жатасыздар. Дары-дармектер жетиштүүбү?

Биздин Кыргыз өкмөтүнүн токтомунун негизинде болгону эле алты ооруга каршы вакциналарды алуу республикалык бюджеттен каржыланат. Калган ооруларга каршы мал ээлеринин эсебинен вакциналар алынат. Өкмөттүн токтомуна кирген сибирь кулгунасы, чечек, бурцеллез, кутурма, чума, шарп ылаңы. Андан тышкары туберкулезго жана сапка каршы изилдөө жүргүзгөнгө диагностика алынат. Калгандары мал ээлеринин эсебинен жүргүзүлүш керек.

- Ал эми куш тумоосуна карата алдын ала коргонуу, каршы туруу маселеси кандай көтөрүлүп атат?

Бул боюнча Дүйнөлүк банк аркылуу каржыланып атат. Кудайга шүгүр бүгүнкү күнү Кыргызстан куш тумоосу боюнча таза. Бирок алдын алуу иштерди жүргүзүү боюнча Дүйнөлүк долбоорунун эсебинен бизде тренинг, семинарлар өтүп атат. Бүгүнкү күндө ошол долбоордун негизинде Орто Азия мамлекеттеринин өкүлдөрү Бишкеке чогулуп, азыр тренерлерди даярдоо боюнча чоң семинар өтүп атат. Анан ал даярдалган тренерлер жер-жерлерге чыгып, малчылар менен иштешип, ветеринардык врачтарды да күрөшүү ыкмаларына үйрөтөт.

- Маегиңизге чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG