Бул туурасында Араван районунун акими Шамил Артыков бүгүн “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, жаңы ишкана жыл сайын 210 миң тонна курулуш материалдарын өндүрүп, бүтүндөй түштүк өрөөнүнүн калкын камсыз кылмакчы. Цемент заводунун ачылышына президент Бакиев катышаары күтүлүүлө. Оштук баатыр эне Тругунбү Тороева цемент заводу пайдаланууга тапшырылганы менен жалаң гана чайкоочуларды жана байларды тейлеп, курулуш материалдары мурдагыдан да кымбаттайт деген кооптонуусун билдирди. (АТо)