Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:39

17:50 Нарын: облустук шайлоокомдун төрагасы кызматтан кетишин шайлоонун саясий оюну деп эсептейт


Бүгүн Нарын облустук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү чогултулуп жыйын өткөрүлдү. Анын ишине Борбордук шайлоо комиссиясынын аппарат жетекчиси Кудайберген Базарбаев баштаган БШКнын үч кызматкери, Нарын облусунун губернаторунун биринчи орун басары Мирадил Бакашев катышышты. БШКнын аппарат жетекчиси Кудайберген Базарбаев Нарын облустук шайлоо комиссиясынын төрагалыгынан Мырзабек Кадыркулов бошотулгандыгын жана бул орунга Нарын облшайлоо комиссиясынын мүчөсү Майрам Тиленчиева дайындалгандыгын маалымдады. БШК жетекчилигинин мындай кадр саясатын Мырзабек Кадыркулов шайлоонун саясий оюну деп баалады. 16-сентябрда Нарын шаарынын мэрине макулдук берүүдө депутаттардын көпчүлүгү каршы добуш беришкен. Жергиликтүү бийлик добуш берүүнү жазагыла деп басым кылды. Мен андай кадамга барган эмесмин, деди Мырзабек Кадыркулов. (KUs)

XS
SM
MD
LG