Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:29

Аба ырайы: 18-сентябрда бийик тоолуу аймактарга кар түшөт


Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча, 18-сентябрда күндүз Кыргызстандын айрым облустарында күн күркүрөп, жамгыр жаайт. Бийик тоолуу аймактарга кар түшөт.

Абанын температурасы:

Чүй аймагында түнкүсүн +10…+15, күндүз +18…+23 градус.
Талас дубанында түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22 градус.
Баткенде түнкүсүн +12…+17, күндүз +22…+27 градус болот.
Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +24…+29 градус.
Ысык-Көлдө түнкүсүн +7…+12, күндүз +16…+21 градус.
Нарын жергесинде түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22 градус.
Бишкекте күндүз жамгыр жаашы мүмкүн. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жеткен жел жүрөт.
Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +20…+22 градус.

XS
SM
MD
LG