Бишкек газ чарбачылыгынын жетекчиси Алишер Бейшеналиевдин айтуусунда, быйылкы кышта газ менен камсыздоо үзгүлтүгү болот деп тынчтсызданууга негиз жок. 2009-жыл үчүн борбор калаа Өзбекстандан 310 млн кубометр көгүлтүр от суроодо. Бул өткөн жылга караганда 50 млн кубометрге көп.
Мунун себебин ал быйылкы энергетикалык кризиске байланыштуу үч фазалуу электр энергиясын колдонуп келгендердин көгүлтүр от жагууга өтүп жатканы менен байланыштырды. Алишер Бейшеналиевдин айтуусунда, Бишкектеги жеке керектөөчүлөрдүн карызы 40 млн сомдун айланасында, ал эми карызы өтө көп, чыгашасы арбын ишканалардын башында борбордук ТЭЦ турат:
-ТЭЦ –чыгашалуу ишкана. Бизге да карызы көп. Мурдатан берки карыздары калган, Казакстанга эле 19 млн доллар. Биз ойлоп атканбыз, кокус өзбек тарап менен сүйлөшө албай калсак, жылуулук сезону үчүн Бишкекке Казакстандан 200 млн кубометр газ сатып алсак деп. Бирок мынча карыз турганда казактар да газ бербейт. Анткени ал карызды да ТЭЦ биз аркылуу алган.
Быйылкы жылы газ эки эсеге кымбаттай тургандыгын өкмөт башчы Игорь Чудинов да буга чейин билдирген эле. Премьер-министр “Ак жол” фракциясы менен жолугушуп, аларга маалымат берген учурда кыргыз тарап Өзбекстан сунуштап жаткан баа - 1 миң кубометр газга 300 доллардын айланасында акча төлөөдөн башка арга жоктугун кыйыткан эле. Мындай учурда шаардыктар жаккан көгүлтүр отунунун 1 кубометри үчүн 13-14 сом чамасында акча төлөп калышат.
“Бишкек Газ” ишканасынын жетекчиси Алишер Бейшеналиев шаардыктар үчүн бул тарифтик өлчөм өтө деле кымбат эмес деп эсептейт:
-Бүгүнкү күндө газдын наркы 7 сом 50 тыйын. Эгер 300 доллардын тегерегине чыкса, баа шаардыктар үчүн 13-14 сомдун айланасында болот. Шаар тургундарынын 85 пайызы бул бааны көтөрө алат. Биздеги көп кабаттуу үйлөрдө жашаган 110 миң абонентибиз бар. Алар болсо бир айда ашып барса 14-15 кубометр жагышат.
Ошол эле учурда борбор калаанын жаратылыш газды көп пайдаланган көп кабаттуу үйлөрүндө негизинен пенсионерлер, жалаң айлык акыга карап жашаган бюджеттик кызматкерлери жашашат. Алар үчүн көгүлтүр отко эле бир кубометрине 13-14 сомдон төлөө оңойго турбайт деген пикирлер да жок эмес.
Айрым адистер болсо кыргыз бийлиги Өзбекстан менен көгүлтүр оттун баасы тууралуу сүйлөшүүлөрдө өзүнүн алсыздыгын көрсөтүп келе жатышкандыгын белгилешет.
Мындай пикир ээлеринин бири мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов өзбек тарап менен сүйлөшүүлөр натыйжалуу жүрбөй жаткандыктан улам, кыргызстандык газ керектөөчүлөрдүн жонунан кайыш тилинүүдө деген пикирин “Азаттыкка” билдирди:
-2008-жылдын январь айынан баштап биз газды Өзбекстандан миң кубометрин 145 доллардан алып келдик. Ал эми казактар быйылкы жылдын аягына чейин миң кубометрин 55 доллардан сүйлөшүп, 3 млрд кубометр жаратылыш газын биз алган түтүктөр менен эле алып келе жатышат. Өзүбүзгө тиешелүү кызыкчылыкты сактоого, аракет кылууга биз жок экенбиз да, өзбектер эмне талап койсо, макул деп ынай берет экенбиз. Акыбалыбыз ушул болуп калыптыр. Болбосо биздин да алаканыбыз куру эмес, Өзбекстан менен сүйлөшүп чечишүүдө ортого кое турган булак-таянычтарыбыз толтура.
Өткөн жылы да Өзбекстан бир миң кубометр көгүлтүр от үчүн Кыргызстандан 200 доллар талап кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин газдын миң кубометрине 145 доллардан алууга макул болгон. Келерки жыл үчүн көгүлтүр от алуу жаатында өзбек тарап менен сүйлөшүүлөр али боло элек. Кыргыз өкмөтү жаратылыш газынын баасын бычууга байланыштуу жолугушуу ноябрь айынын аягы, декабрь айынын башында болоорун айтып жатат.
Ошол эле учурда Кыргызстан Түркмөнстан менен да көгүлтүр от жаатында сүйлөшүү жүргүзүүнү көздөөдө. Маалыматтарда айтылгандай, буга байланыштуу өлкөнүн өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков 17-сентябрда Ашгабатка жөнөп кетти. Айрым адистер Түркмөнстандан газ алуу ниети жакшы болгону менен бул иш жүзүндө бир топ татаал жараян экендигин белгилешет.