Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:57

Гиннесс китебинин жаңы басылмасы жарык көрдү


Эдил Сапарбек уулу, Прага Шаршембиде 17-сентябрь күнү Дүйнөлүк Гиннесс Рекорддор китебинин 2009-жылкы жаңы чыгарылышы жарык көрдү. Атайын уюштурулган бул иш чарага дүйнөдөгү буту эң эле узун айым жана бою эң эле кыска мырза чакырылып, көрүүчүлөрдү таң калтырды. Айтмакчы көрүүчүлөрдүн арасында биздин кыргыз боордошторубуз да бар экен.

Дүйнөлүк Гиннесс Рекорддор китебинин 2009-жылкы басылмасы жарыкка чыкканын жар салуу үчүн атайын иш чара бүгүн шаршембиде Британиянын ордо калаасы Лондондун борборундагы Трафалгар аянтында өттү. Гиннесстин быйылкы китеби өткөн жылдары басылган китептерден айырмаланып, бир катар жаңы өзгөчөлүккө ээ болгон экен.

Маселен, бул китеп барактарындагы сүрөттөрдү атайын көз айнек менен үч кырдуу графикасында көрүү мүмкүнчүлүгү пайда болуптур. Баса, бул Гиннесс китебинин негизделгенден берки 54-басылмасы.

Наргиза Дотиева Лондондо иштеп, окуп жүргөн кыргыз студент кыз. Ал аянтта болуп аткан окуяларга капысынан күбө болуп калган экен, өз таасирлери менен «Азаттыкка» мындайча бөлүштү:

-Трафалгар аянтынан жаңы эле келдим. Эл көп, баары күлүп атышат, сүрөттөргө түшүп атышат. Монголиядан келген 74 см болгон адамды көрдүм. Анан күлкүмүштүүсү аны дүйнөдөгү буту эң узун аялдын жанына тургузуп коюшуптур, ал киши тизесинен эле келет экен. Аябай кызыктуу болду.

Айтмакчы, дүйнөдөгү эң узун буттардын ээси бул орусиялык айым Светлана Панкратова. Бул айым Гиннесс китебинин 54-басылмасынын бет ачаар аземин баштап берди. Ал эми бою эң эле кыска мырзанын аты Хэ Пинпин, ал Монголиянын тургуну.

Булардан тышкары аталган иш чарага таң калтыра турган өзгөчөлүктөргө ээ дагы бир катар адамдар чакырылганы кабарланууда. Анын баары Гиннесс китебинин 2009-жылкы басылмасына киргизилген.

Ошондой эле быйылкы чыгып жаткан Гиннесс китебине эң эле таасирлүү сыналгы актерлору делип Анжелина Жоли жана Брэд Пит кирген. Ал эми интернет мейкиндигинде көп издөөгө алынган адам деп, Пэрис Хилтонду экинчи орунга жылдырган ырчы Бритни Спирс аталды.

Эми бул таң калтыра турган фактыларды камтыган китеп кайсыл тилдерде басылып, жана негизгиси биздин Кыргызстандык атуулдарыбыз окуганга мүмкүнчүлүгү качан пайда болот? Дал ушул суроону биз бүгүн Лондонго чалып, Гиннесс редакциясынын эларалык марктинг бөлүмүнүн жетекчиси Жастин Боукдэриат айымга узаттык.

-Китеп жыйырма беш тилде басылып чыгып, эки жуманын ичинде дүйнөнүн бүткүл булуң бурчуна таркатылат. Ошондой эле бул китеп орус тилинде да басылат.

Дүйнөлүк рекорддор катталган Гиннесс китеби алгачкы жолу 1955-жылы жарык көргөн. Бул китеп англисчеден башка дагы 24 тилге которулуп, жүздөн ашуун мамлекетте басылат. Олуттуу, кызыктуу, таң калаарлык жана тамаша каткан ар кыл рекорддорду чагылдырган бул китеп өзү дүйнөдөгү эң эле көп сатылган китептердин ана башы.

2004-жылы басылманын редакциясы 50 жылдыгын белгилесе бир жылдан кийин жүз миллионунчу нусканын сатылышын майрамдашкан. Белгилей кетчү жагдай, Гиннесс китеби жыл сайын жаңы гана жетишкендиктерди каттап жарыялап турат.

Кыргызстандан келээрки жылы кайсы жетишкендиктерди каттата алаар экенбиз, эмитеден ойлоно жүрөлү...
XS
SM
MD
LG