“Жанырык апта” гезити ушу тапта кыргыз саясат аренасында кырдаал кайрадан курчуй баштаганын, үйбүлөлүк системаны сындыруу үчүн жасалган революция максатына жетпей калганын турмуш көрсөткөн соң, ошол эле революционерлер экинчи жолу чогулуп, күзүндө жаңы күрөшкө аттанганы жатканын эскертип, ревкомдун башчысы Азимбек Бекназаровдун “Акаевди кетиргендей эле Бакиевди кетиребиз” деген аталыштагы интервьюсун басты. А. Бекназаров кабарчынын: “Президентти түштүк тарап колдойт деген сөздөр азыркы учурда негедир айтылбай калды да” деген соболуна, ревком жайы менен мониторинг жүргүзгөндө Түштүк аймагынын 70 пайызы Бакиевге эмес, анын түштүктөгү үкөлөрүнө каршы антибакиевдик кыймылдарды түзүп атканын, ал эми өткөн жылы бийликке нааразы элдин эсеби 30 пайызды түзсө, азыр нааразылык түштүктө 70 пайызга жеткенин, бүгүнкү күндө Бакиевдин инилери жер-жерлерде президенттик кылып жатышканын, өткөндө Жалал-Абаддан айтылуу ишкерлердин камалганын, машиналары тартылып алынганын, арак заводдорун жаап салганын, ушунун баарын түштүктөгү президенттер жасап жатканын айтып жооп берди.
Энергетика кризиси тууралуу сөз кылган Бекназаров Токтогул суу сактагычында 2004-жылы деле 2007-жылдагыдай эле 13 млрд. кубометр суу болгонун, ошол эле 2004-жылы Айдар Акаев менен биригип энергия саткан Балкыбеков, Ширшовдор бүгүн Максим менен биригип алып мурунку саясатты улантып жатышканын кеп кылды. Кабарчынын президенттикке талапкерелер барбы дегендей суроосуна ал, талапкелер көптүгүн, бирок ревком азырынча төрт гана талапкерге токтогонун, булардын үчөө Усубалиевден бери иштегендер болсо бири эчким менен иштешпегендигин, азыр сыртта Орусияда жүргөндүгүн, Путинде иштегенин, болочок убактылуу өкмөт 7 адамдан ашпасын, ревком гана баарын чечип, баарын аныктарын, бирок бийликке барбай тургандыгын айтты.
“Асман” гезити акыркы кездери саясат көшөгөсүнүн артында эле эмес көрүнгөн жерде, көз жарган маалымат каражаттарынын дээрлик баарында МЧС аталып жүргөн Медет Чоканович Садыркулов жөнүндө көп жазылып, көп айтыла баштаганын, андан бирөөлөр корксо, бирөөлөр көралбастыгын, бирөөлөр тескерисинче сыйлап-урматтап турарын эстетип, “МЧС: Интриганбы же мамлекетчилби?” деген макаланы орус тилинде басты. Садыркуловдун медицина институтунда парторг болуп иштегенинен тартып, Акаев доорундагы мезгилине чейин кенен кеп кылган макала, ал кайысл ишке келбесин кемелине келтире иштээрин, бирок адамдар сяыктуу эле анда да кемчилик жок эместигин, легендарлуу парламентти таратууда ролу чоң болгонун, ошо кездеги парламенттин депутаты болгон таанымал ишкер жигитти бир муштап сулатканын, демек азыр Бакиевди кошкондо Акүйдө эки боксер барын, Садыркуловду көөлөп-шыбап жаткандар анын тамыры казак дегенге чейин барганын, бирок ал казакча сүйлөй албастыгын, айрым саясатчыларга окшоп алдыга жулунбай МЧС ар дайым артта жүрөрүн, бүгүн элди энергетикалык кризис каптаганын, тамак-аш эки-үч эсе кымбаттаганын, бийлик ишенимден кетип бүткөнүн, өлкөнүн сырткы коопсуздугу да опурталдуу жолдо экенин, “Акжол” партиясы “Единая Россия” сыяктуу элдин колдоосуна ээ болбогондугун, мына ушундай кыйын кырдаалда бийликти М. Садыркуловдун гана таланты сактап каларын баяндады.
“Общественный рейтинг” гезити Нарын шаар башчылыгына президент тарабынан сунуш кылынган Боогачиев Нарын шаар кеңешинин кезектеги сессиясында керектүү добуш алалбай кулап түшкөнүн, Камбар Ата ГЭСинин курулушунда иштеген адис жумушчулар маянасынын аздыгынан иштен бошоп, кайрадан Орусияга кетип атканын, маселен, бир эле күндө 60 адам иштен бошоо үчун арыз таштаганын, жакында газ кымбаттай турганын, президенттин мурдагы админстрация башчысы Мыктыбек Абдылдаев менен Азимбек Бекназаров радикалдуу оппозицияга өтүү менен саясый жаңы оюн баштаганы калганын, бул топко Үсөн Сыдыков, Адахан Мадумаров, Данияр Үсөнов жана башка көптөгөн саясатчылар киргенин, буга катар эле мурда Акаев тарабында жүргөн саясатчылардан түзүлгөн “Бирдиктүү Кыргызстан” кыймылы да кыймылдай баштаганын, Кыргызстанда ушу тапта Жогорку Кеңеште талкууланып жаткан жаңы салык кодекси кабыл алына турган болсо өлкөдө социалдык жарылуу болорун жана көптөгөн ишкерлер бизнестерин башка өлкөлөргө чыгарып кетерин жергиликтүү ишкерлер айтып чыкканын маалымдады.
Ушул эле гезит эконмика илиминин доктору Айылчы Сарыбаев менен энергетикалык кризис боюнча аңгеме курду. Эксперттин интервьюсу “Энергетикалык кризисти душмандар атайын уюштурган” деп аталат.