Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:19

БАЗАР КӨЧҮ БААРЫНА ЭЛЕ ЖАГА БЕРГЕН ЖОК


Бишкек шаар бийлиги айыл-чарба азыктарын саткан Баткен дүң базарын жоюп, жаңы курулуп жаткан “Дыйкан” аттуу базарга которду. Жаңы базарга барып соода кылган кардарлар айыл-чарба азыктары кымбат экендигин айтышса, жаңы иш орундарында соода кылып жатышкан соодагерлер менен дыйкандар “Дыйкан” базарына барчу жолдун алыстыгын, эл келбей жатканын, ошол себептүү айыл-чарба азыктарынын баасын көтөрүүгө туура келип жатканын айтышууда. Ошондой эле алар жаңы базардын шарттары талапка жооп бербегенине нааразы болушууда. Ал эми Бишкек шаар мэриясы базар жаңыдан көчүрүлгөнүн, бир жума аралыгында бардык маселелер чечилерин билдиришүүдө.

Айыл-чарба азыктары сатылуучу “Дыйкан” дүң базарында учурда дале курулуш иштери уланып жаткан мезгил. Катар-катырынан орнотулуп жаткан контейнерлер азырынча ачыла элек болгону менен базардын кире беришиндеги жайма базарда соодасын кылып отургандар көп. Бишкектеги Фучик көчөсүнүн эң үстүндө, бүтүшүндө жайгашкан бул жаңы базарга азырынча эл аз барууда. Толук курулуп бүтө элек базарда соода кылып отургандар, сатып жаткан товарлары четинен чирип жатканын, жолдун алыстыгын, шарттардын жоктугун, айрым дүңүнөн соода кылгандар гана болбосо аз-аздап соода кылган адамдар аз болуп жатканын айтып нааразы болушууда. Жайма базарда отурушкан соодагерлердин айрымдарына микрофон сунганыбызда төмөнкүдөй жоопторду уктук:

Айша: - Тулаеттерине кире албайсың бул базардын. Азыр өзүңөр деле кирип көргүлө. Суусу да жок. Эл аз келип атат, транспорт каттабайт экен деп атышат.
Айгүл: - Такыр эле соодабыз болбой атат. Эки-үч күндөн бери турабыз. Бул жакка эл келбейт экен транспорт жок деп. Эч шарттары да жок.

“Азаттык”: - Куруп беребиз деп атышабы?

- Эч кимден, эч кандай сөз жок азырынча.

Майрамкүл: - Мурда Баткен базарында соода кылып атканыбызда баары келишчү. Көп кабаттуу үйдө жашап аткандар, пенсионерлер келишчү. Ал жакка бардык жактардан транспорт каттачу да. Троллейбус, маршруткалар көп каттайт. А бул жакка эч ким келбейт. Азыр биздин товарларыбыз чирип, асты банкрот болду. Мобул эженин помидорлору чирип атат, жыйырма жашик помидору бар.

“Дыйкан” базарына келген кардарлар болсо, сатылып жаткан айыл-чарба азыктарынын Ош базардагыдан айырмасы жоктугун, базарга каттаган коомдук транспорт аз экендигин, мурда Баткен базарында айыл-чарба азыктарын арзан алууга мүмкүн болгонун айтышууда. Ал эми соода кылып жаткандар жолго көп каражат кетип жаткандыктан 2-3 сомго чейин товарларды кымбаттатууга туура келүүдө дешет.

Бишкек шаар мэрлигинин Коом менен байланыш башкармалыгынын жетекчиси Ирина Козлинскаянын айтымында, жаңы базарга байланыштуу бардык маселелерди мэрия жакынкы бир жума ичинде толук чечет.

“Биздин мэр бул маселе 5-10 күн аралыгында толук чечилет деген. Дагы бир жуму аралыгында бардыгы чечилет. Соода кылгандарга, кардарларга шарттар түзүлөт”,- дейт ал.

Ошентсе да базарда жан баккандардын көбү мурдагы Баткен базарын эңсешип, мэрдин базар көчүрүү демилгесине ыраазы болбогондору бир топ.

XS
SM
MD
LG