Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:20

ПАРИЖДЕ ЕВРОПА БИРИМДИГИ – БОРБОР АЗИЯ ФОРУМУ ӨТҮҮДӨ


Бүгүн (18-сентябрда) Парижде Европа биримдиги – Борбор Азия форуму өтүүдө. Тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде өтчү жыйында эки региондун коопсуздук тармагындагы кызматташтыгы талкууланмакчы. Форумдун күн тартибине терроризм, ядролук куралды жайылтпоо, аткезчилик, энергия жана экологиялык коопсуздук маселеси киргизилген. Жыйынга катышуу үчүн Францияда Кыргызстандын тышкы иштер министри Эднан Карабаев жетектеген делегация жүрөт.

2007-жылдын июнь айында Европа кеңешинин жыйынында Еврошаркеттин Борбор Азия боюнча стратегиясы кабыл алынган. Биримдиктин сайтында белгиленгендей, ошол стратегия шаркет менен Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө пайдубал түздү.

Форумдун уюштуруучулары ырастагандай, Ооганстандан агылган баңги заттары Борбор Азиядагы туруктуулукка терс таасир эте тургандай проблемага айланган.

Борбор Азия өлкөлөрү ошол заттардын негизги транзит жолу болуп калган.
Наркозаттар өз кезегинде уюшкан кылмыштуулуктун өнүгүшүнө салым кошууда.

Терроризм маселесине келсек, биримдик Борбор Азиядагы исламчыл терроризмдин коркунучун көз жаздымда калтырбаш керек деп эсептейт. Тактап айтканда, жыйында сөз экстремисттик уюмдардын регионго тарашы жана ошондой топтордун башка эл аралык террордук уюшмалар менен байланышы жөнүндө болмокчу.

Энергия чөйрөсүндө болсо Кыргызстан үчүн суу ресурстарын башкаруу маселеси жөнүндөгү талкуу өзгөчө пайдалуу болмкочу. Шаркеттин өлкөлөрү Дунай, Рейн өңдүү ири дарыялардын сууларын пайдалануу жаатындагы тажрыйбасы менен бөлүшмөкчү.

Жолугушуунун алдында Чегарасыз кабарчылар уюму Борбор Азиядагы, өзгөчө Өзбекстан менен Түркмөнстандагы сөз эркиндигинин абалын эстен чыгарбоо керектигин белгиледи.

Уюмдун ырастоосунда, журналисттерди жана алардын үй бүлө мүчөлөрүн камакка алуу, зомбулук, куугунтуктоолор сынга карабай, бийлик тарабынан кеңири колдонуп жүрөт.

Европа терроризм же маң заттарынын аткезчилигине каршы аракеттерди адам укуктары маселесин козгобостон талкуулабаш керек, - деп белгилеген уюм, түркмөн жана өзбек журналисттерине каршы аракеттерди мисал катары келтирет.

XS
SM
MD
LG