Бул тууралуу “Азаттыкка” жергиликтүү кеңешке депутаттыкка талапкер И.Кадырбековдун шайлоодогу ишенимдүү адамы Ишен Айтманбетов билдирди. Анын айтымында, бул маселе кечээ БШКнын алдындагы коомдук палатада каралып, И.Кадырбековдун шайлоого катышуусун палатанын көпчүлүк мүчөсү колдоду. Палатанын мындай чечими боюнча токтом чыгара турган БШК И.Кадырбековдун туура катталгандыгын дагы бир жолу текшерүүнү чечти.(MSu)
07:10 И.Кадырбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү маселеси боюнча БШК эч кандай чечим кабыл алган жок