Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:19

11:00 Бул шайлоо өнөктүгү БШКдагы юристтердин коомдук палатасынын иши менен айырмаланат


Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Клара Кабилова кечээ Улуубританиянын парламент өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди. Жолугушууда К. Кабилова жергиликтүү жана шаардык кеңешке депутаттарды шайлоону өткөрүү иштери соңуна чыгып калгандыгын, шайлоо өнөктүгү БШКнын алдындагы юристтердин коомдук палатасынын иши менен айырмаланып калаарын кабарлады. Аталган палата шайлоо тууралуу мыйзамдарды андан ары өнүктүрүү максатында түзүлгөнүн кошумчалады. Төрайым 5-октябрга белгиленген шайлоону уюштуруп өткөрүүдө бир катар эл аралык уюмдардын ар тараптуу колдоосун, өлкөдөгү бейөкмөт уюмдар менен шайлоочуларга маалымат берүү жаатта тыгыз кызматташып жатканын билдирди. БШКдан маалымдалгандай англиялык парламент өкүлдөрү Кыргызстан демократия жолуна түшкөн жаш мамлекет экенин эске алаарын, өлкөдөгү демократиялаштыруу сыяктуу оор жана узакка созулган жараянга байкоо салып келгендерин белгилешти. (EBM)

XS
SM
MD
LG