Линктер

ишемби, 19-август, 2017 Бишкек убактысы 15:27

11:03 Президент Тогуз-Торо районунда болду


Курманбек Бакиев бүгүн Тогуз-Торо районундагы Көк-Ирим айыл өкмөтүндөгү Бирдик орто мектебинде болду. 192 орунду бул мектепти курууга бюджеттен 25 миллион сом бөлүнгөн. Мектеп мугалимдери менен жолугушууда президент бир жыл ичинде эле Тогуз-Торо районунда төрт мектептин курулушу башталганын белгилеген. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Президент Курманбек Бакиев бул күндөрү Ош жана Жалал-Абад облустарында иш сапарда жүрөт.(AiT)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG