Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:32

КИМ ЧОК ТАШТАГАНЫ БЕЛГИСИЗ


18-сентябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда ”Манас” аба майданындагы АКШ аскерий базанын тармак инженери Фусават Чунламанинин үстүнөн козголгон кылмыш ишти кароо башталды. АКШ жаранына байкабастыктан өрт чыгышына себепкер болгон, үй ээлерине ири өлчөмдөгү материалдык зыян алып келген деп айып коюлууда.

Соттук териштирүү айыпталынып жаткан АКШ жаранынын тек-жайын тактоодон башталды. Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Жолдош Ибраев анын укук-милдеттерин мындайча түшүндүрдү.

- Сураңызчы, ал кылмыш иш менен таанышып чыгыптырбы? Айыпталуучу катары коюлган айыптын көчүрмөсүн алыптырбы?

Бишкектин Ленин райондук прокурорунун жардамчысы Нуржан Молдотаев Фусават Чунламаниге коюлган айыпты, Кылмыш кодексинин 176-беренеси боюнча байкабастыктан бирөөнүн мүлкүнө зыян келтиргендиги үчүн айыпталынып жатканын, кимдир бирөөнүн таштап кеткен чогунан Бишкектин Турусбеков көчөсүндөгү кабат үйдөгү Валерий Кимге тиешелүү батирдин буюм-тайымы күйүп кеткенин, келтирилген зыянды эксперттер бир жарым миллиондон ашуун сом деп табышканын билдирди.

Айыптоо окулган соң сот Жолдош Ибраев Фусават Чунламани укук-милдеттерин дагы бир ирет түшүндүрдү.

- Коюлган айып боюнча айыпталынып жаткан адам катары анын көрсөтмө берүүдөн баш тартууга акысы бар. Соттун жүрүшүндө ал көрсөтмө бербей коюшка акысы бар. Анын айткан сөзү далил катары өзүнө каршы пайдаланылышы мүмкүн. Ошондуктан ал сотто көрсөтмө берүүгө макулбу?

Фусават Чунламанинин адвокаты Нина Зотова кылмыш ишинде тактоону талап кылган бир топ жагдайлар бар экенин, тек алар тууралуу азырынча айтууга эртелик кылаарын маалымдады.

- Ал эки күн болгон эмес. Өрттөлгөн батирге эртең менен эрте келген. Кылмыш ишине тиркелген материалдарда, анан да биздеги айрым далилдер боюнча ижарага берилген батирге андан башка да бир нече адам кире алышкан. Үй ээсинин туугандары, үй ээси, жабыр тарткандар. Үй кимге таандык экенин билбейм.

Өрттүн чыгышына себеп болгон жагдай катары тергөө кимдир бирөөлөр таштап кеткен тамекинин калдыгы, өчүрүлбөгөн чок болушу мүмкүн экендигин билдирүүдө. Үй ээси Валерий Ким болсо тамеки чекпестигин соттогу көрсөтмөсүндө ырастады. Бирок да адвокат Н.Зотова тергөө маалында анын үчтөкө-босток көк түтүн буркуратканын айтат. В.Ким өрттүн күйүтүнөн тамеки чегип ийгенин, бирок да негизи ал тамеки чекпестигин айтууда.

Фусават Чунламани болсо тамеки чегерин жашырбайт.

- Ха-ха, туура мен тамеки тартам.

АКШ жаранынын адвокаты Фусават Чунламани болгонду болгондой жашырбай айткан адам дейт.

- Бул адам дегеле калп айта албайт. Ал эмне болсо да чындыгын айтат. Чынымы айтсам, айрым учурларда мен андан “муну айтпа, унчукпай эле кой” десем ал “жок мен анте албайм, чынын айтам” дейт. Анан да аябагандай тыкан адам, тамеки эмес ширеңкенин талын жерге таштабаган адам бир нерсени таштап салышы мүмкүн деп айтыш кыйын.

Адвокаттын айтуусунда, соттук териштирүүнүн кийинки отурумдарында талаштуy иш такталып калышы ыктымал. Сот 23-сентябрга жылдырылды. Ал күнү күбөлөр сурaлганы туру. Алар 2008-жылдын 20-апрелинде Фусават Чунламани эки күн кайда жүргөнүн тактап бериши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG