Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:55

КЫРГЫЗСТАН, “ПРОМЕТЕЙИҢ” КИМ?


“Кыргыз туусу” гезити “таза суубуз жок, Тажикстандын чыла суусуна кор болобузбу?” деген лейлектиктердин катын, “Молчулук”, “Токойчулар адамзаттын келечеги үчүн иштешет”, “Кыргызстандын бакубаттуулугуна 10 жыл” деген макалаларды, “Биз Кыргызстандын кызыкчылыгын алдыга коюшубуз керек” деген КР Коопсуздук кеңешинин катчысы И. Исаковдун интервьюсун ж.б. материалдарды жарыялады.

“Агым” гезити, “Бети бетон чиновниктер дагы канча кырсык алып келет?” деген ат менен ЖК депутаты Б. Наргозуевдин интервьюсун басты. Наргозуев мырза, жакында кыйроого учураган самолеттун салонундагы эки авариялык эшиктин тушуна келип чыгалбай, адамдар үйүлүп өлүшкөнүн тергөөчүлөр айтышканын, эң кызыгы дал ушул эки эшиктин тушуна дагы кошумча 4 кресло орнотулганын, бул 4 креслодон эле күнүнө 2 миң доллардан пайда түшүп турганын, ушунун баары акча табуу үчун гана жасалганын, демек Кыргызстандын жарандык авиация департаменти адам коопсуздугун сактоону мындай кой, акча жасай турган гана бизнес борборго айланып калганын, мындан да шумдугу Кыргызстандын аба менен жүргүнчү ташуу ишин Орусиянын кылмышкерлери башкарарын, ушундай шектүү чөйрөнүн өкүлдөрү Гончарев менен Хапровго кыргыз атка минерлери “ляппай” деп кол куушуруп турушарын... кечээ эле министр Н. Сулайманов жаңы самолет алып келдик деп УТРК аркылуу жар салган учак былтыр эле келгенин, бирок аны Тажикстанда иштетип жүрүшкөнүн, кырсык болгондон кийин аны Дубайга алып барып “Тажик Эйр” деген жазуусун өчүртүшүп, ордуна “Кыргызстан” деп жаздырып, уялбай-этпей туруп жаңы деп мактап жатышканын, кыскасы бул самолет Американын свалкасынан келген учак экендигин айтып чыкты.

Ушул эле гезит аркылуу аңгеме курган белгилүү саясатчы Темир Сариев, Кыргызстандын энергетика тармагын Акаев тушунда да, Бакиев тушунда да бир гана адам башкарарын, ал Ширшов экендигин, ага президенттин да, премьер-министрдин алы жетпестигин айтты.

Гезит ошондой эле президент Бакиев калкка кайрылуусун даярдап жатканын, анысы курч болорун, өкмөт курамынын дээрлик жарымы же Чудиновдун 7-8 министри шапкесинен да, папкесинен да ажырарын, Акаев доорунда “Берия” деп аталып, экс-ажосун биринчилерден болуп сатып кеткен, кийин тез эле жаңы бийликтин колтугуна кирип алган Иманкадыр Рысалиев бүгүн оозун тыялбай президенттин уулу Максим менен Медет Садыркуловду оңду-солду шыбап жүргөнүн, экс-мамкатчы О. Ибраимов А. Акаев тууралуу трактат жазганын, Атамбаев туулган күнүн өткөруп, ага админстрация башчысы М.Садыркулов келип, Бакиевдин атынан белек тапшырганын, жакында жарыкты кайра-кайра өчүргөндөн улам буюму күйүп кеткен Бишкектин эки тургуну сотко кайрылып, бири 9 миң, бири 10 миң сом утуп алганын кабарлап, Кыргызстанда жашагандар энергокомпанияларды жапрыт сотко берес эмне болор эле деп суроо койду. Гезит андан ары кызматынан кайыган М. Кайыповдун ордуна ЖК депутат Л. Сыдыкова менен Э. Сатыбалдиев кудаланып жатканын да маалымдады.

“Жаңы ордо” гезитине маек курган академик Жамин Акималиев айыл чарба министрлиги 850 миң тонна буудай өндүрөбүз деп оозун толтура сүйлөгөнү жалгандыгын, мунусу менен министрлик элди да, президентти да алдап жатканын, быйыл 670 миң, 700 миң тоннанын тегерегинде түшүм алынса эле ушунун өзүн ийгилик деп эсептесе болорун айтып берди.

“Жаңы кылым” гезити президент Бакиевдин баалуу көрсөтмөсү болгон тезек терүү өнөктүгүн аң-сезимдүү акимдер менен айыл өкмөт башчылары өздөрүнө ишенип берген аймактарда кызуу өткөрүп жатканына токтолуп, маселен президенттин “Акжол” деп аталган партиясынын эле жүз миңдеген мүчөлөрү бар экенин, алардын ар бири 10-20 каптан эле тезек терсе быйылкы кыштан электр энергиясыз эле чыгып кетүүгө болорун, азыр Кыргызстанда “мен тезек терип жүрөм” деген сөз “мен мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошуп жатам” деген сөздүн синоними болуп калганын жаныта жазды.

“Аалам” гезитинин кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып “Ак шумкар” партиясынын лидери Т. Сариев, энергетиктер бүгүнкү күндө 3 миңге жакын үч фазаны, 200гө жакын саунаны өчүрдүк деп отчет берип жатышат, бирок “Вечерний Бишкек” гезитин барактап көргүлөчү, гезиттин 2-3 бети жалаң сауналардын рекламасына толгон, азыр өчүрүү кандай тартипте жүрүп атканын эч ким билбейт, Акүйдүн 7-кабатына жакын адамдар жашаган райондордо жарык өчкөн жок деп билдирди.

Ошол эле учурда энергетика боюнча белгилүү эксперт Николай Кравцовдун, жарыкты мезгил-мезгили менен өчүрө берип энергетиктер жасалма жол менен авариялык абалды түзгөнү турганын, анткени мындай өчүрүү жолу жогорку вольттуу выключателдер аркылуу ишке ашырыларын, өчүрүп-күйгүзө бергенден кийин анын майын төгүп, жаңылап турбаса кургап, жогорку вольттуу өчүргүчтөр жарылып кетерин, энергетика тармагынын түшүнүгү боюнча “веердик өчүрүү” деген термин жоктугун, жакында Бишкек ТЭЦи менен Токтогул ГЭСинде болуп өткөн кырсык, балким дал ушул кайта-кайта өчүрүүнүн кесепети болушу мүмкүн деп айтканын кыргыз окурмандарына орус тилинен которуп сунуш кылды.

“Кыргыз руху” гезити “Ак үйдү айланган туман” деп аталган рубрика алдындагы “Президент элди тандабайт, эл президентти тандайт” деген макаласында бүгүн эң өкүнүчтүүсү касташуусу ачыкка чыккан эки команданын негизги колдоочуларынын бири-президенттин баласы Максим Бакиев, экинчиси-иниси Жаныш Бакиев болуп жатканында экендигин, Мүсүр Кабылбеков аттуу автор “Жаңы ордо” гезитине каяшасында президент Максимди тандасын деген ойду каңкуулаганын, эгер президент Максим же Жаныш экөөнүн бирин тандаса, анда баягы эле үй бүлөлүк башкарууну тандарын, кокус Бакиев баласын да, инисин да кыйбаса анда экөөнү тең тандап алып, мамлекетти башкаруудан баш тартышы керек, анткени тарыхта бир туугандардын кылчайнашы эч качан жакшылык менен бүткөн эмес деп эскертип, Бакиев өз инилери менен балдарын башкара албай, аларды бири-бири менен кырчылдаштырып койсо, мамлекеттин да, өз үй бүлөсүнүн да убалына калбай, Бекен Назаралиев жазгандай качкын президент болгондон көрө Максим менен Мараттын балдарын жетелеп, үй бүлөнү да сактап, мамлекетти бүлгүнгө учуратпай, жайбаракат өмүр сүргөнү оң деп жазды.

Ушул эле теманы андан ары улаган “Ачык саясат” гезити ушу кезде бийлик менен оппозиция тирешпей эле эки топко бөлүнүп алып бийлик өзү тирешип атканын, президенттин админстрацимя башчысы М. Садыркулов менен А. Мадумаровдун ортосундагы тымызын кармаш эми ачыкка чыкканын, амбициясы күчтүү Адахандын артында Бакиевдин иниси Жаныш Бакиев турса, Садыркуловдун артында Бакиевдин уулу Максим турары бештен белгилүү болуп калганын, эми бириккен оппозиция менен тил табышам десе Бакиев уулун угушу, жок чабышам десе инисин угушу керектигин жазып, кечээ эле өзүлөрүн бийликке конструктивдүү оппозиция санаган Атамбаевдин СДПсы, Тургуналиевдин “Эркиндиги”, Турсунбай Бакир уулунун “Эрки” радикалдуу оппозициянын талаптарын колдой тургандыктарын билдирип жатышат деп кеп кылды.
XS
SM
MD
LG