18-августта Парижде өткөн "Евробиримдик-Борбор Азия: коопсуздук маселелелери” аттуу форумдун алкагында кыргыз Тышкы иштер министри Эднан Карабаев түркмөн кесиптеши Рашид Мередов менен жолукту. Анда жогорку деңгээлдеги эки тараптуу жолугушууларды уюштуруу, өз ара алака-катышты өнүктүрүү боюнча өкмөттөр аралык комиссия түзүү, Бишкекте Түркмөнстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачуу маселелери талкууланды. Бул туурасында ТИМден билдиришти. (EBM)