Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:57

17:46 Бишкек шаардык шайлоо комиссиясы Ишенбай Кадырбековдун катталуусун жокко чыгаруу боюнча арызды канааттандырган жок


Ишенбай Кадырбеков менен бир шайлоо округунан талапкер катары катталган эки атуул Кадырбековдун катталуусун жокко чыгаруу талабы менен шаардык шайлоо комиссиясына кайрылган. Комиссия арызды бүгүн карап, Кадырбеков мыйзам чегинде талапкер болуп катталганын аныктады. Бул тууралуу “Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди. Анын айтымында, эми Борбордук шайлоо комиссия үгүт мезгилинде Ишенбай Кадырбековду абактан бошотуу маселесин жакын арада кароого тийиш. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы Шайлоо кодексине ылайык Кадырбековду абактан бошотуу маселеси каралыш керектигин, бирок андай жыйын БШКада качан болушу тууралуу мааылмат бере алышпасын билдиришти. Апрель айынан бери абакта жаткан Ишенбай Кадырбеков “Ата мекен” партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер болуп катталган.(AiT)

XS
SM
MD
LG